Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:57

АКШ ООГАНСТАНДЫ УНУТТА КАЛТЫРБАЙТ


Жаңыл Жусубжан AКШнын коргонуу катчысы Роберт Гейтс Кабулда оoган президенти Хамид Карзай менен жолугушууда. Экөө Ооганстандагы коопсуздук кырдаалды жана талибдердин коркунучун талкуулашууда.

Жакында эле АКШнын Коргонуу катчылыгына дайындалган Роберт Гейтс Ооганстанга биринчи жолу келүүдө. Ал талибдерди жок кылууну "эң башкы максат" деп жарыялаган. Ооган жетекчилери, анын ичинде президент Карзай менен жолугушуусунда Гейтс Кошмо Штаттары Ооганстанды унутта калтырбайт деп ишендирип, козголоңчулар менен күрөштүн жолдорун талкуулайт деп кабарланган.

Президент Карзайдын маалымат катчысы Карим Рахими кечээ Кабулда Карзай менен Гейсттин сүйлөшүүсү коопсуздук жаатында болот деди:

- Сүйлөшүүлөрдүн негизги максаты – Ооганстандагы жана аймактагы коопсуздук, терроризмге каршы күрөш жана Ооганстанда буга чейин жетишилген жылыштарга колдоо көрсөтүү болот.

Гейтс Кабулга аттанаардын алдында Брюсселде НАТОнун жетекчиси Йаап де Хооп Скеффер менен жолугуп, Ооганстандагы кырдаалды сөз кылган эле. Гейтс кабарчыларга жаңы жылда талибдердин аракеттери күч алат деген кооптонуусун билдирди.

Өткөн жылы Ооганстанда козголоңчулардын чабуулдары буга чейин болуп көрбөгөн деңгээлге жетти. Алардын натыйжасында 4 миңдей киши, анын ичинде көптөгөн карапайым оогандар набыт кетти.
Ооганстанда америкалык 20 миңдей аскер турат. Алардын жарымы НАТО жетектеген турукташтыруу күчтөрүнүн курамына кирет. Калгандары анти-террордук иштерге жана ооган армиясын машыктырууга тартылган.

Талибдердин күч алышына байланыштуу Ооганстан Пакистанды күнөөлөп келет. Ал эми АКШнын Коргонуу катчысы дүйшөмбүдө Ооганстандын батыштагы коңшусу Иранды Иракта гана эмес, бүт регионго терс таасирин тийгизип жатат деп айыптады. Иран талиб өкмөтү 2001-жылы кулагандан кийин Ооганстан менен алакасын өөрчүтө баштаган. Кабул буга чейин Иран менен Кошмо Штаттарынын ортосунда арачы болуу нийетин билдирген.

XS
SM
MD
LG