Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:57

"ЫҢГАЙСЫЗ СУРООЛОР": КАЙРАДАН АКАЕВДИН КОНСТИТУЦИЯСЫБЫ?


Кубат Оторбаев: - Саламатсыздарбы, сиздер “Ыңгайсыз суроолорду” көрүп жатасыздар. Мамлекеттик телеканал менен “Азаттык” радиосунун биргелешкен теледолбооруна бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары Азимбек Бекназаров менен Камчыбек Ташиевди чакырдык. Бул жолу биз Конституциялык реформа тууралуу сөз кылалы дедик. 16-январда Конституциянын жаңы редакциясы “Эркинтоо” гезитине чыкты, ага президент Курманбек Бакиев андан бир күн мурда кол койгон эле, демек ал ишке кирди. Эми биз ушул Конституция менен жашайт окшойбуз. Азимбек мырза, сессияда сиз бул Конституцияга каршы пикириңизди айттыңыз. Эмне себептен бул редакцияны сындап атасыз?



Азимбек Бекназаров: - Конституциялык реформаны эки багытта түшүнөбүз. Биринчиден, реформа кандай багытта жүрүшү керек, экинчиден, конкреттүү мыйзам - Башмыйзам тууралуу кеп болушу керек. Ошондуктан президентке мен кол койбой туруңуз деп жардамчысы аркылуу айттырганым, силер билесиңер ушул Конституциянын алынышына каршымын деп чыгып кеткем. Менин айтайын дегеним - ар бир статьяга, мыйзам долбооруна өзгөртүүлөр, толуктоолор киргизилгенде күчүндө турган мыйзамга өзгөртүүлөр, толуктоолор киргизилет, анан ошол добушка коюлат. Ал эми бизде ушундай болуп калыптыр – төрага Марат Султанов добушка койгондо күчүндө турган Конституцияга эмес, жанагы мурда парламентте бир нече ирет коюлуп, өтпөй калган долбоорго өзгөртүүлөр-толуктоолор киргизилген. Мен Маратка айттым - бул жерде сен мыйзамды буздуң, деп. Ошонун негизинде макулдашылган комиссия айткандай 7 эмес, 40тан ашык өзгөртүүлөр кирип кеткени болуп атат.

К.Оторбаев: - Демек, сиз түшүндүңүз да, Камчы мырза, баягы Жогорку Кеңеште талкуулангандан башка дагы кайсы бир долбоорго орто жолдон парламенттен Акүйгө жеткенче дагы бир өзгөртүүлөр кирген экен, ошого президент кол койду деген пикирди айтып атат го дейм Азимбек Бекназаров – эгер мен жанылбасам. Ушуга эмне дейсиз, анан дегеле дароо мен суроо берейин. Конституция парламентте 4 жолу добушка коюлду. Аягында бир добуш жетпей атканда депутат Мамытбай Салымбеков сыртка чыгып кеткенде аны колунан жетелеп келип күчтөп атып добуш бердиришти деген сөз болуп атат. Жогорку Кеңештин өзүндө эмне жүрүп атат. Ушул варианттын кабыл алынышына сиз өтө катуу аракет кылдыңыз. Эмнеге мынча катуу чуркадыңыз?



Камчыбек Ташиев: - Биринчи сурооңузга мындай айтайын, кандайдыр бир жаны долбоор чыгып, ошого президент кол койду деген таптакыр туура эмес. Жаңы долбоордун оригиналы менен “Эркинтоого” жарыяланган Конституциянын ар бир тамгасын карагыла, эч кандай өзгөрүү болгон жок, биринчиден. Экинчиден, Азимбек Анаркулович жети эле жерге кол койдук эле деп айтты деп атпайбы, бул да туура эмес, калп. Мына бул жерде колдору турат, 14 жерге кол коюшкан. Бардык сөздү чын-чыны менен айтыш керек. Эптеп эле адамдардын көңүлүн буруш үчүн калп айта берген туура эмес. Анан мына айтып атат, 7 эмес 40 жерине өзгөртүү киргизилди деп, биз ал 40 жерге 54 адамга кол койдуруп, саат бирде парламентке алып чыкканбыз. Азимбек Анаркулович саат ондогуну айтып атат.

А.Бекназаров: - Ондогусу деп атпайбы, ал бирде киргизилген, ошол ондогу өтпөй калган эле вариант. Сөзмө-сөз карап чыккыла, менде экөө тең турат. Ал бир жылдан кийин киргизилиш керек эле.

К.Оторбаев: - Биринчи жолу долбоор саат ондо өтпөй калган. Ошондон кийин Конституциялык соттун кортундусу керек эле, ошол жок эле кайра кабыл алынып калды, ошондуктан жаңы редакция мыйзам бузуу менен кабыл алынды деп атышат?

К.Ташиев: - Бул жерде Конституциялык соттун эч кандай кортундусу кереги жок. Себеби Конституциянын 93-статьясынын 2-пунктуна ылайык биз Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алганда Жогорку Кеңештин регламентине өзгөртүүлөрдү киргизип, Конституциянын жаңы редакциясын кандай жол-жоболор менен кабыл алабыз деп, ал толук жазылган. Биз 8-ноябрда кабыл алган Конституциянын негизинде 30-декабрда жаңы редакцияны кабыл алдык.

К.Оторбаев: - Сиз кандай дейсиз, Азимбек мырза, Конституциялык соттун кортундусу керек беле?

К.Ташиев: - Угуп турсаңыз. Конституциянын кортундусу кайсы маалда керек? Конституциянын кортундусу эгерде биз өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизсек керек болмок. Биз өзгөртүү, толуктоолорду киргизген жокпуз. Биз Конституциянын жаңы редакциясын киргизип атабыз.

К.Оторбаев: - Жаңы редакция менен Конституция деген сөз деле түпкү мааниси экөө бир го дейм?

А.Бекназаров: - Өзгөртүүлөр, толуктоолор гана киргизилди. Азыр айтып атпайбы Камчыбек, биз 7 эмес 13 жерине же болбосо 40тан ашык өзгөртүү-толуктоолорду киргиздик, деп өзү бул жерде айтылып атат. Анын үстүнө 9-ноябрда президент кол койгон Конституция күчүндө турган. Ошол күчүндө тургандан кийин ага өзгөртүүлөр, толуктоолор киргизилди болуп эсептелет. Ошондуктан Конституциялык соттун кортундусу сөзсүз керек болчу. Мамытбай Салымбеков боюнча. Бул жерде Салымбековдун айткан сөзү бар, бул Конституцияга мен каршымын, мен мындайга добуш бербейм деп чыгып кеткен. Мен макулмун деген сөзү жок стеннограммада. Мындайча айтканда 49 гана депутат добуш берген болуп атат.

К.Оторбаев: - Биз бир аз майдаланып кеткендей сезилип атабыз. Ошон үчүн мындай суроо - эмне себептен “Реформа үчүн” кыймылы бул жаңы редакцияга каршы болуп жатасыздар. Сиз өзүңүз эмне себептен ушундай Конституцияга каршы болуп атасыз? Ошону айтсаңыз?

А.Бекназаров: - Биздин 24-марттан кийинки негизги максатыбыз - Конституциялык реформа болчу. Бир үй-бүлөлүк башкарууну сындырып, мамлекеттик бийликтин үч бутагы өз алдынча иштесин, анан өз алдынча жоопкерчилиги артсын деген принцип бар эле. 9-ноябрдагы Конституцияда биз ошого жетишкенбиз. Эми 30-декабрда кол коюлган Конституция менен биз кайрадан президент Бакиевге Акаевдикиндей эле бийликти кайтарып бердик. Сөзүм куру болбош үчүн - 46-статьяны окуп берейин, анын 1-пунктунда президент премьер-министрди, өкмөттүн мүчөлөрүн дайындайт, 3-пунктунда жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларын дайындайт, өкмөттүн структурасын түзүүгө макулдук берет деп жазылган. Бул Курманбек Бакиевдин бийлиги Акаевдикинен дагы чоң дегенди билдирет.
Өкмөттүн структурасын түзүүгө макулдук берет деген Акаевде болгон эмес. Азыр биз президентке көбүрөөк бийлик берип койдук. 9-ноябрда президенттин айрым бийлик укуктары өкмөткө өткөн, биз ошону кайра кайтарып берип койдук.

Бийлик бутактарынын принциптери кайрадан бузулду. Аткаруу бийлиги кайрадан эки баштуу болуп калды. Эми негизги башчысы – президент болуп атат, аткаруу бийлигинин кызматын дагы, структурасын дагы ал чечет, бирок жоопкерчилиги жок. Ошол эле учурда эч кандай бийлиги жок премьер министрдин жоопкерчилиги чоң.

К.Оторбаев: - Аскар Акаевдикинен ашкан дагы суперпрезиденттик башкарууга кайттык деген Азим мырзанын бул сөзүнө сиз эмне дейсиз?

К.Ташиев: -Эми бардык нерсени факты менен айтууга тийишпиз. Ошол эле 46-беренеде жазылгандай, премьер-министрди президент дайындабайт, аны алгач Жогорку Кеңеште көп орун алган партия сунуш кылат, анан аны президент дайындайт. Мына ушуну караш керек. Бул - биринчиден. Экинчиден, жергиликтүү органдын башчыларын, район-облустардын жетекчилерин дайындоо укугун президентке беребиз деп 9-ноябрдагы Конституцияны кабыл алып жатканда эле айтканбыз. Себеби мамлекетибизде бийлик структурасы жогорудан төмөн же төмөндөн өйдө карай толук бойдон структурасы сакталып туруш керек. Башка өлкөлөрдө ушундай. Мына Орусия да ушуга кайтып келди.

К.Оторбаев: - Бул укукту өкмөт башчыга берүүгө болбойт беле?

К.Т.: - Жок, аны премьер-министрге берсе болбойт эле. Себеп дегенде жаңы Конституцияга ылайык бийликке партиячыл премьер-министр келет. Ага бул укукту бере турган болсок, жер-жерлерлеги өзүнүн колдоочуларынын бирин аким, бирин губернатор кылып дайындап салса, эмне биз мурдагы Коммунисттик партия башкаргандай, бир партиянын башкаруусуна кайтып келишибиз керекпи?

-Азимбек мырза, сиздин кандай кошумчаңыз бар буга?

А.Бекназаров: - Менин кошумчалап коеюн дегеним: жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчылары - губернатор менен аким аткаруу бийлигинин жер-жерлердеги өкүлү. Ал башка мамлекеттик бийликтерге, мисалы сотторго, прокурорлорго кожоюн боло албайт. Ошондуктан, бул укук премьер-министрдин колунда болушу керек.

К.Оторбаев: - Жанагы партиялык система аягына чейин сакталышы керек дейсизби?

А.Бекназаров: - Ооба.

К.Ташиев: -Кубат Табылдиевич, көрсөтүү башталгандан бери Азимбек Бекназаров он мүнөт сүйлөсө, мен эки мүнөт гана сүйлөп атам. Ушуну карап койсоңуз. Жаңы структура боюнча айтылып атат, структураны парламент бекитебиз. Премьер-министр Жогорку Кеңештен өтөт, андан кийин президент дайындайт деген жоболор 9-ноябрда кабыл алган Конституцияда да бар болчу. Эмнеге биз мунун бардыгын Акаевдикинен да күчтүү болуп кетти, андан да жаман болуп кетти деп, жок эле сөздөрдү айта бербешибиз керек.

К.Оторбаев: - 9-ноябрда кабыл алынган башмыйзамда бар беле: аким, губарнаторлорду президент дайындайт деген?

-К.Ташиев: Ооба, ушундай жери бар болчу.

А.Бекназаров: Жок. Жок болчу. Мына Конституцияны окуп көргүлө. Структураны түзүүгө да президент макулдук берет деген жок эле. Анда парламент бекитет, премьер-министр сунуштайт деп айтылган. Биз мыйзам түрүндө бекитип беребиз структураны. Мурда Акаевдин убагында да ошондой болчу. Өкмөттүн структурасын өкмөт апкелет, ЖК бекитип берет. Азыр өкмөттүн структурасын өкмөт башчы бизге алып келет, биз бекитебиз, бирок президент макулдук бергенди гана алып келет.

К.Ташиев: Муну киргизгенибиздин башкы себеби: президент менен премьер-министр экөө макулдашып туруп, структураны сунушташы керек. Мунун эч кандай жаман жери жок. Эгер президент менен премьер-министр макулдашып туруп, структураны киргизсе, ЖК бекитип берсе, анын эч кыйынчылыгы жок. Ошол эле убакта ЖК депутаттарынын толук укуктары бар ал структураны өзгөртүп жиберүүгө. Ошондуктан, бул жерде өкмөттүн структурасын премьер-министр менен макулдашат деген эле сөз үчүн үй-бүлөлүк башкаруу болуп кетти деген таптакыр туура эмес нерсе.

К.Оторбаев: - Президент Бакиев өкмөт башчынын талапкерлигин ЖК сунуштайт деп күтүлүп жатат. Конституция кабыл алынды, кол коюлду. Албетте өзүнүн тандемдеши Феликс Куловду апкелүүсү мүмкүн да. Сиз өзүңүз, сиздин фракция Куловду колдойсуздарбы, Камчыбек мырза?

К.Ташиев: - Фракция али бул боюнча сүйлөшө элекпиз. Жеке оюм боюнча Кулов кечээ жакында эле өкмөттүн чоң бир жыйынында “мен бул парламентке барбайм. Мен бул парламент менен иштебейм. Бул парламентти таратуу керек” деген экен. Ошого жараша, мен ойлойм, аны алып келсе - бул мыйзамдуу гана көрүнүш, кимди апкелсе да ал президенттин укугу. Бирок моралдык жактан бул туура эмес болуп калат. Ошондуктан, Куловдун келүүсүни биз каалабайт элек.

К.Оторбаев: - “Реформа үчүн” кыймылы, сиз өзүңүз, Азимбек мырза, кандай ойдосуз?

А.Бекназаров: - Мен бирнерсени тактап, баса белгилеп айтып кетейин. Сөзсүз түрдө Феликс Куловдун талапкерлиги көргөзүлөт. Анын өтөөр-өтпөсү президенттен көз каранды. Эгер Курманбек Бакиев тандемдик убадаларын аткарып, жигитчилик кылып, Куловду өткөрүп берели десе, анда 30-декабрда Конституцияны өзгөрткөн элүү депутат колдоп өткөрүп берет. Эгерде президент көрсөтүп коюп, бирок, колдоп бербегиле десе, анда Феликс Шаршенбаевич өтпөйт.

К.Ташиев: - Мамлекеттик жумуштарды жигитчиликке аралаштыра берүүнүн кереги жок. Жигитчилик -бул ар бир адамдын ичинде болуш керек. Жаңы Конституция 9-ноябрда кабыл алынганда жигитчилик деп мен өзүм жападан жалгыз каршы болуп тургам.

К.Оторбаев: - Гимн ойнолуп жатканда сиз кыйкырып турдуңуз. Гимнди сыйлабай койду деген сын-пикирлер көп болуп атат сизге?

К.Ташиев: Мен ички дүйнөм менен бул Конституциянын көпкө иштебешине ошол маалда эле толук ишенгем. Өзүм ишенип тургандан кийин кандай гана агым болсо да мен каршы турууга далалат кылгам.

К.Оторбаев: - Демек, сиздер Феликс Куловду колдойсуздар ээ? Бул “Реформа үчүн” кыймылынын пикириби же сиздин жеке пикириңизби?

А.Бекназаров: - Менин жеке пикирим мындай - анын өтүшү, өтпөшү Курманбек Бакиевге байланыштуу болот. Эгер чындап колдосо өтөт. Чындап колдобосо өтпөйт. Мен Камчыбек Ташиевди колдойм - бул өкмөт өз ыктыяры менен кызматтан кеткен. Бул парламентменен иштебейбиз, биз кызматтан кеттик деп кеткен. Булардын кайра бул парламентке келгенге биринчиден, моралдык укугу жок. Экинчиден, ХИПИК тополоңун баштап коюп, кайра кантип кайтып келет. Анткени Жогорку Кеңеш ал программага өтө каршы турат.

К.Оторбаев: - Камчыбек мырза, сиз ХИПИК маселеси боюнча кандай пикирдесиз?

К.Ташиев: - ХИПИК маселеси боюнча мындай: кечээ жакында мен Өзгөн районунда чоң жыйынга катышып келдим. Элдин баары президентке, депутаттарга айтып койгула деп жатышат - эч кандай ХИПИКтин бизге зарылчылыгы жок деп. Элдин пикиринен биз эч алыстай албайбыз. Кээ бирөөлөр айтат - булар президентти колдосо эле президентти алар аягына чейин колдойт, президенттин ар түрдүү ыкмаларын колдойт деп . Бул туура эмес. Эгерде президенттин жасаган жумушу элге багытталган болсо анда биз аны колдойбуз. А эгерде элдин пикири менен анын жасаган иши карама-каршы келип турса, биз эч канчан колдой албайбыз.

К.Оторбаев: - 30-декабрдагы Конституцияга өзгөртүү-толуктоолорду киргизүүнүн негизги демилгечиси сиз болбодуңузбу. Бул эми Ак үй менен өтө тыгыз иштешүүнүн натыйжасында жазылган өзгөртүү, толуктоолор болду да. Туурабы?

К.Ташиев: - Жок. Бул андай эмес. Ак үй ошол маалда толук бойдон парламентти кетиребиз деген аракетин жасап жаткан. Ошол жердеги чоң-чоң чиновниктердин баары парламентти таратуу ыкмасын ойлой башташкан. Ал эми биз ошол маалда парламентти сактап калуу ыкмасына өткөнбүз.

К.Оторбаев: - Демек, өзүңүздөрдүн мандатыңыздардан корктуңуздар. Ошон үчүн Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алып бердиңер деп айтса болобу?

К.Ташиев: - Бүгүнкү күндө биздин эң башкы максатыбыз - мамлекетибиздеги стабилдүүлүктү сактап калыш.

К.Оторбаев: - -Сиз өзүңүз айтып жаттыңыз эле – мен парламентти таратууга макулмун, деп. Ал жаатта кол топтой баштадыңыз эле. Анын аягына чыкпай калдыңыз?

К.Ташиев: - Мен анын аягына чыктым. Ошол Конституцияны кабыл алдык. Эгерде бул жаңы Конституция кабыл алынбаганда, биз сөзсүз түрдө юридикалык жактан тараганга мажбур болот элек.

К.Оторбаев: - Азимбек мырза, сиздер ушул Конституция менен макул болуп каласыздарбы же “Реформа үчүн” кыймылы жазында кандайдыр бир иш-чараларды баштайсыздарбы? План түзүп жатасыздарбы?

А.Бекназаров: - 30-декабрда Конституция шантаж менен кабыл алынды. Депутаттарды таркатып жиберебиз деп коркутушту. Жигитчилик, Бакиев-Кулов тандеми деп жатпайбызды. Стенограммада бар - айрым депутаттар айткан - эгерде ушул Конституцияны кабыл албасаңар бүгүн түштөн кийин тагдырыңар чечилет деп. Ошондой жол менен кабыл алынды. Муну моюнга алыш керек. Ал эми биздин план мындай. Конституция эч качан идеалдуу болбойт. Коомдун өнүгүшүнө жараша бул дагы өзгөрүп туруш керек. Мисалы, “Асаба” партиясынын идеясы - парламенттик өлкөнү куруу. Ошондуктан, депутаттар муну кандай кабыл алат - бул башка нерсе. Бирок, биз парламенттик башкаруу формасындагы Конституция кабыл алуу үчүн өз сунушубузду Конституция чегинде киргизе беребиз.

К.Ташиев: Азимбек Анакулович айткан парламенттик мамлекет 2010-жылдан тартып Кыргызстанда жаңы Конституцияга ылайык толук курулат.

К.Оторбаев: - Демек, сиз азыркы Конституцияны парламенттик башкаруу формасын алып келди деп эсептейсиз?

К.Ташиев: Ооба, парламеттик башкаруу деп эсептем. Себеби, ошол жерде шайлоолордун негизинде бардык бийлик бутактарынын тагдыры чечилет. Партиялык системанын негизинде, депутаттарды шайлоонун негизинде бийлик бутактарынын тагдыры чечилет. Демек, бул парламенттик мамлекеттин курулушу.

А.Бекназаров: - Анда жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчыларын президент дайындайт дегенди өзгөртүшүбүз керек. Аны премьерге бериш керек. Андан кийин президент өкмөт мүчөлөрүн дайындайт дегенди дагы өзгөртүшүбүз керек. Президент аларды дайындабаш керек, ал болгону бекитип гана бериш керек.

К.Ташиев: - Президент өкмөт мүчөлөрүн дайындайт дегендин баары 9-ноябрда кабыл алынган Конституцияда бар эмес беле. Муну эмне үчүн биз 30-декабрдагы Конституцияга шылтап жатабыз.

А.Бекназаров: Ал жерде “бекитет” деп айтылган. Азыр “дайындайт” болуп калды. “Дайындайт” менен “бекитет” - бул экөө таптакыр эки башка түшүнүк.

К.Оторбаев: - Азимбек мырза, Аскар Акаевдин мүлктөрү боюнча сиз баштаган иштердин тагдыры кандай болууда? Башкы прокуратуранын ишине кандай баа бересиз? Жакында бир жылда жасаган иштери боюнча отчету болот деп жатат. Прокуратуранын ишинин жыйынтыгын жыл аягында угабыз деп президент айтпады беле?

А.Бекназаров: - Ошол отчетту Жогорку Кеңеш дагы угуп койсо жакшы болот эле. Азыр коомчулуктун да, депутаттардын көбүнүн кызыгып жатканы ушул - Аскар Акаевдин үй мүлкү эмне болду, Аксы окуясы эмне болду, же Акаевдин мүлкү колдон-колго өтүп кеттиби деген көп шектер болуп жатат. Ошондуктан мен кечээ спикер аркылуу протоколдук көрсөтмө бердим. Ошол 102 кылмыш иши боюнча жооп берсин башкы прокуратура деп. Анын ичинде Аксы окуясы дагы бар. Азыркы күндө биз суроо-талап кылганда, жообу келет “ал иштердин көпчүлүгү жабылып калды” деген. Кайра дагы бир жооп келет “жок улантылып жатат” деген. А чындыгында, менин жеке пикиримде эч кандай тергөө иштери жүргүзүлгөн жок. Бардыгы токтотулган.

К.Оторбаев: - Сиздерге ырахмат.

XS
SM
MD
LG