Азербайжан соту кечээ күнү Ички иштер министрлигинин мурдагы жогорку кызматкери Хаджи Мамедов жана дагы тогуз адамды өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратууга кести.
Алар - көптөгөн жылдар бою адамдарды акча үчүн атып өлтүрүп же уурдап келген деп күнөөлөндү. Бардыгы болуп 26 адам соттолду, алардын айрымдары 13 жылга кесилди. Кылмыштуу топ 2005-жылдын мартында кармалган, сот алты айга уланды.