Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:46

17:00 Жаза өтөөчү жайлардагы баңгилерди дарылоого Еврокомиссия тарабынан 250 миң евро бөлүндү


Бул каражат жаза өтөөчү жайларды реформалоо багытындагы улуттук “Үмүт” долбоорун ишке ашыруу максатында бөлүнгөн. Еврокомиссиянын Борбор Азиядагы бюро жетекчиси Эрих Мюллердин журналисттерге айтып бергени боюнча мунун ичинен 220 миң евро адилет министрлигинин карамагындагы №47 жана Жалалабаттагы 10-түзөтүү абактарындагы терапия бөлүмдөрүн оңдоого жумшалат. Калган 30 миңи жазасын өтөп бүткөндөрдүн дарылануусун уюштуруу үчүн бейөкмөт уюмдарга бөлүндү.

XS
SM
MD
LG