Анда “Асаба”, “Ата Мекен”саясий партиялардын, бейөкмөт уюмдардын, “АнтиХипик” жана жаштар кыймылынан турган эки жүздөй өкүлү катышты. Жөө жүрүш “Алатоо аянтында митинг менен аяктады. “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулованын айтымында, ХИПИКке каршы чыккандардын мындан кийинки кадамы өкмөт башчылыкка сунушталып жаткан Азимбек Исабековдун бул программа тууралуу пикирине жараша болот. Эгер ал бул программаны колдоого ала турган болсо, анда парламент аны премьер-министрликке бекитпөөсү үчүн аракеттерди жасайбыз, деп укук коргочу “Азаттыкка” билдирди.