Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:50

БИШКЕК ШААРЫ ШАНХАЙ УЮМУНУН САММИТИНЕ ДАЯРДАНУУДА


Бүгүн Бишкек шаардык кеңешинин жаңы жылдагы биринчи сессиясы болот. Анын күн тартибинде Шанхай кызматташтык уюмуна кирген мамлекет башчыларынынын Бишкекте июнь айында өтө турган саммитине көрүлүп жаткан даярдыктар башкы маселе болуп каралат. Сессияда карала турган маселелер тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин төрайымы Нуржамал Байболова «Азаттыктын» кабарчысы Улан Эшматов менен ой-пикир алышты.

- Бүгүнкү сессияга сиздер негизинен кайсыл маселелерге көңүл бурасыздар?

- Негизги чоң төрт маселе бар да, бүгүнкү сессиянын күн тартибинде. Биринчи маселе бул баарыңарга маалым Бишкек шаарында июнь айында өтө турган Шанхай кызматташтык биримдигине кирген мамлекеттердин жетекчилеринин саммити болот. Ошол саммитке даярдыктар жүрүп жатат. Бүгүн сессияда саммитке болгон даярдыктардын иш чараларын, шаарды даярдоо боюнча программаны бүткөнү турабыз.

Экинчи маселе болсо, өзүңөр билесиңер, Бишкек шаарынын түштүк зонасындагы 52 гектар жердин бетондоштурулган пландоолорун иреттейбиз. Мыйзам боюнча генералдык план өкмөт тарабынан бекитилгенден кийин, шаардын ар бир районунун ушундай иштелип чыккан мыйзамдаштырылган пландоо долбоору Бишкек шаардык кеңеши тарабынан бекитилиши керек. Ошонун негизинде гана курулуш жүргүзүүгө улуксат болот. Бүгүн биринчи жолу шаардын түштүк зонасындагы бир райондун методикасын бүтүргөнү турабыз. Мындан кийин бүт шаардын территориясында ушундай пландар болушу керек.

Үчүнчү маселе - Бишкек шаардык кеңешинин 2003-жылы кабыл алынган токтомуна өзгөртүү киргизебиз. Бул болсо 57- токтомго өкмөт тарабынан киргизилген өзгөртүүлөрдү биз өзүбүздүн токтомго жүргүзүшүбүз керек. Анткени, былтыркы жылдан бери көп кабаттуу үйлөрдү салганга түзүлгөн аялдар уюмундагы жерди белгилөө боюнча көп сунуштар болмокчу. Ошонун баарын тактап туруп конкурстун негизинде гана алынат деген бир өзгөртүүлөр киргизилген өкмөттүн токтомуна.

Биз өзүбүздүн токтомубузга өзбектерди киргизгени жатабыз, андан башка дагы чет элдик атуулдарды алганда, аларга коэффициент төрт деген өзгөртүүлөрдү киргизип жатабыз. Анткени, буларга башкача шарттарды түзүш керек. Шаар үчүн өтө ыңгайсыз, кызык эмес шарттар бөлүнгөн.

Андан башка дагы төртүнчү маселе - бул Бишкек шаарындагы менчиктеги объектилерди арендага жана бекер бериле турган уюм ишканалардын тизмелерин бекитет. Негизинен ушулар. Анан дагы бир маселе, Бишкек шаардык кеңешинин 2007-жылы иштей турган иш чараларын бекитебиз.

- Өлкөнүн бюджети азырынча кабыл алына элек, ал эми шаардын бюджетин сиздер кабыл алгансыздарбы?

-Жок, тартип боюнча Жогорку Кеңеш бюджетти бекиткенден кийин Каржы министрлиги аркылуу бизге президент бөлгөндөн кийин келип түшөт. Бир айдан кийин. Анан биз караганга милдеттүүбүз.


- Мындай шартта каржылоо иштери жүрө берет да бекитилбесе деле?

-Мыйзам боюнча ар бир мурунку өткөн жылдын 12,1 бөлүгүн сарптаганга ай сайын уруксат берилген. Бул туура эмес тартип да, туура эмес болуп атат. Чынында башка мамлекеттерде ноябрда, декабрда бекитилет. Январда дароо жаңы метод менен иштешет.


- Сиздер бүгүн планын бекитилүүчү шаардын түштүк бөлүгүндөгү курулуш иштери үчүн инвесторлор эми келечекте аныкталабы же азыр деле барбы?

-Биздин билишибизче ушул жерде 700 эле гектар жер бар. Бирок, курулуш курабыз деген сунуш менен 2000 гектарга жакын жерге каалоолор түшкөн экен да. Биз токтомдо жазып атпайбызбы конкурстун негизинде деп. Конкурстун негизинде, түзүлгөн проекттин сапатына жараша бөлүнөт.

XS
SM
MD
LG