Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:17

ЭРКИН АЛЫМБЕКОВ: ӨКМӨТ ПРЕЗИДИУМУНУН КЕРЕГИ ЭМНЕ?


Кыргыз өкмөтүнүн жаңы түзүмү жөнүндөгү мыйзам парламенттеги сын-пикирлерден улам кайра чакыртылып алынды. Премьер-министр Азим Исабеков эки күндөн бери Жогорку Кеңештин комитеттеринде депутаттар менен консультацияларды өткөрүп жаткан эле. Сунуш кылынган долбоордо өкмөт түзүмү мурдагыдан кеңейтилип, күч министрликтерин тейлөөчү вице-премьердин кошумча кызматы киргизилген. Бул маселелердин айланасында кабарчыбыз Улан Алымкул уулу Жогорку Кеңештин төрага орун басары Эркин Алымбеков менен маек курган.

- Буга чейинки практика көргөзгөндөй өкмөттүн түзүмү ал алмашкан сайын кайра түзүлөт. Мекемелер статусу биригет же кайра ажыратылат. Алар жобосун бекитип, бир ыргакка иштей баштаган кезде өкмөт отставкага кетип калат. Ошондой эле көрүнүш бул иретте кайталангандай болду. Кайра-кайра өзгөртүүдөн башкаруунун сапаты жакшырып жатышын айтуу кыйын. Негизи бул жолу парламенттеги сын-пикир өкмөт түзүмү мурдагыдан кеңейтилгенден улам болуп жатабы?

- Ынтымак болсун, тирешүү болбосун, экономика дагы кыйналбасын деп премьер-министрди бекиттик да. Эми анын негизинде дагы эле бири-бирине кол сунушуп, экономиканы алып жүрүү боюнча иш чараларды көрөлү деген парламенттин каалоосу болду. Бирок, өкмөттүн структурасы келгенде карап көрсөк концептуалдык, функционалдык багыттын ордуна механикалык багыт болуп жатат. Аны комитеттерден караганда көп сын пикирлер болду. Мен дагы сунуш киргиздим. Бул чала даярдалган экен. Муну бүгүнкү күнү чыгарганда баары бир өтпөй калат. Ошондуктан, маанилүү маселе болгондуктан шашпай дагы эки, үч күн фракциялар менен карап, кеңешип аркы жумада кайра алып чыгуу туралуу сунуш болду. Ошондуктан, премьер-министр өкмөттүн структурасын кечээ кайра артка чакыртып алды.

Ичиндеги сын-пикирлер боюнча айтсам, биздин эң негизги талабыбыз - функционалдык комплекстин негизинде өкмөттүн эффективдүү ишин жогорулатуу. Ал эми тигил жакта болсо тескерисинче бири-бирин кайталаган жаңы бюрократиялык структуралар, анан министрлик менен комитет, агенттиктер абдан көбөйүп кеткенде болуп жатат. Ошон үчүн өкмөттүн президиуму деген дагы бир бюрократиялык структураны дагы сунуш кылыныптыр. Биздин кыргыз өкмөтү чакан, эффективдүү, оперативдүү иштеген орган болуш керек. Президиум деген чалды-куйду кылган түшүнүктү жоготуп, кадимки эле Конституциянын негизиндеги өкмөт болсун.

Андан сырткары, биринчи вице-премьер-министр -экономикалык өнүгүү министри деп, ансыз деле жумушу чоң министрге дагы биринчи вице-премьерди берип, өкмөттүн ишин дагы түшүнүксүз кылып коюшуптур. Биз айттык, биринчи вице-премьер бош, премьер-министр жок учурда анын ордун толуктап турган мүмкүнчүлүгү кенен болсо жакшы болмок.

- Күч министрликтер тикелей президентке баш ийет. Ал эми сунуш кылынган азыркы долбоорду аларды координациялоочу атайын вице-премьердин кызматы сунуш кылынган экен. Ушул кызмат кандай зарылдыктан чыгыптыр? Кандайдыр бир түшүндүрмө болдубу?

- Күч органдарын тейлеген вице-премьер кызматты киргизүү бул авторитардык режимге жакындаткан тенденция деп эсептейбиз. Вице-премьерлерге экономика менен иштеп аралаша турган далай-далай чоң жумуштар бар. Конституция боюнча коргоо жана коопсуздук жагын президент алган. Эми президент өзү деле алар менен түздөн-түз иштей берет. Биз күч органдарын тейлеген вице-премьер болушуна каршы болобуз.

- Рахмат, мегиңизге.

XS
SM
MD
LG