Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:42

16:02 Премьер-министрдин аппарат башчысы менен маалымат катчысы кызматынан кетишти


Бул тууралуу «Азаттыкка» премьер-министрдин жаңы кызматтан кеткен аппарат башчысы, министр Турусбек Коеналиев өзү билдирди. Мындай чечимди ал жаны премьер-министр Азим Исабеков менен жолугушкандан кийин кабыл алган. Бирок, президенттин маалымат кызматы Коеналиевди кызматтан кеткендиги тууралуу президенттин буйругу чыга электигин кабарлады. Коеналиев аппарат башчылыкка премьер министр Феликс Куловдун сунушуна ылайык 2005-жылдын 30-сентябрында президент тарабынан дайындаган. Кулов кызматка алган премьер министрдин пресс-катчысы Азамат Калман да ушул эле күнү кызматынан кеткендиги кабарланды. (BuS)

XS
SM
MD
LG