Комитеттин Европа жана Борборазия программасынын жетекчиси Нина Огнианова Россияда журналисттерге кастарын тигип,алардын көзүн тазалагандар жазасыз калып жатканын белгилеп, бул көрүнүштү “кысасыз кылмыш” маданияты деп атады. Мындай көрүнүш эски совет аймагына кеңири тарай баштады.
Азербайжанда, Белоруссияда журналисттер барскан алдында калгандай абалда эмгектенишет.
Ал эми Түркмөнстанда чет элдик маалымат каражаттары менен кызматташкандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат,айрымдарынын көзү тазаланат. Былтыр “Азаттыктын” кабарчысы Огулсапар Мурадованын тагдыры ушундай кайгы менен аяктады,ал түрмөдө жатып каза болду. Ниязовдун ордун басмакчы болуп жаткан Бердымукаммедов да мурдагы саясатты улантканга сөз берүүдө, андыктан маалымат каражаттарынын цензурасы сакталып каларында калет жок, дейт комитеттин өкүлү.
Огнианова Европада да камтама кылган жагдайлар пайда болгонун белгиледи. Бир катар өлкөлөрдө,өзгөчө Нидерландияда,Данияда,Германияда жана Литвада өкмөттөр журналисттерден жашыруун маалымат булактарын ачканга мажбурлаган учурлар болуп жатат.
Азияда болсо проблемалар чачтан көп. Кабарчыларга Ооганстандагы кырдаалды чагылтуу өзгөчө кыйын маселеге айланды, деп айтты комитеттин Азия боюнча иликтөөчүлөрүнүн бири Кристин Жонс. Ооганстанда журналисттерге баары жоо – талиптер,апийим көпөстөрү,атүгүл куралдуу күчтөр кабарчыларды уурдап,өлтүрүп, айрым райондорго жолотпой кубалап турушат.
Пакистанда соңку төрт жылда сегиз журналист тындым кылынды, алардын теңи ооган чекарасына жакын райондордо мерт болду. Ал эми Кытайда былтыр он тогуз журналист камалды. Азиядагы эң жаман абал, арийне, Түндүк Кореяда. Бу жердегидей маалымат цензурасы дүйнөнүн эч бир аймагында жок. Жонс Түндүк Кореяны кара түнөк түшкөн аймак деп атады. Өлкөдөгү жагдай тууралуу өз мекенинен качып чыккан адамдардан гана үзүл-кесил маалымат алууга болот. Бардык маалымат каражаттары мамлекеттин саясатын гана пропагандалайт, чет элдик журналисттерге чанда бир гана өлкөгө киргенге уруксат берилет.
Журналисттерди коргоо комитетинин докладында былтыр дүйнөдө 55 журналист набыт болгону айтылат.