Кол салуулар Багдад, Баакуба жана башка шаарларында болгон. Сувайра шаарынын жанындагы Тигр дарыясында төрт адамдын, Багдадда 25 кишинин денеси табылган. Кечээ америкалык жана ирактык аскерлер Багдадда сунниттердин Адхамия районунда аскерий операцияларды өткөрдү.