Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 23:34

БЕЛАРУС ПРЕЗИДЕНТИ КАРАПАЙЫМ ЭЛГЕ КАНТИП ЖАГУУНУ ЖАКШЫ БИЛЕТ


Нарын АЙЫП, Прага Жаңы жыл алдында Маскөө менен Минск ортосунда газ маселеси чыккандан кийин Батыш журналисттери Беларус президенти Александр Лукашенконун саясаты жөнүндө көп жаза баштады. Орусиянын сөзүнөн чыкпаган сыяктуу Лукашенко Маскөө саясатына каршы аракеттенүүгө даап, кийин Батыш менен дагы мамилесин оңдогонго даяр экенин билдирди. "Азаттыктын" аналитиги Ян Максимюктун айтымында болсо, Лукашенко кандай болбосун шартка көнө алган адам.

Ян Максимюктун пикиринде, Беларус президентинин мүнөзүн жана саясатын түшүнүү үчүн анын жаш кезин эске алыш керек. Саша Лукашенконун атасы ким экенин эч ким жакшылыктуу билбейт жана ал өзү дагы ал тууралуу айтпайт. Жолдош балдарынан жаш кезинде "атаң жок" деген сөздү көп уккан Лукашенко турмуш кандай кыйынчылыктарга дуушар кылаарын эрте түшүнгөн жана өзү дагы - мен айбандар арасында өскөм деп айтканы бар.

Могилев шаарындагы педагогикалык институтту, андан соң Минсктеги Айыл чарба академиясын бүтүргөндөн кийин Лукашенко алыскы айылга барып иштеген жана ошол кезде карапайым эл арасында жашаганы ага - эл менен жөнөкөй сөз менен сүйлөшүп, алардын көңүлүн кантип алууга үйрөткөн.

Ошондуктан өз саясатында дагы Лукашенко кээде алды-артын карабай, азыркы түзүлгөн шартка жараша аракеттенет. Мисал катары Максимюк - анын 1995-жылы "Хандельсблатт" деген немис гезитине берген интервьюсун келтирет: "Германия жана белгилүү Адольф Гитлер менен байланышкан нерсенин баары эле жаман эмес. Немис тартиби кылымдар бою калыптанган жана Гитлердин учурунда ал эң жогорку деңгээлге жеткен. Президенттик республика жана андагы президенттин мааниси деген биздин түшүнүккө ал абдан төп келет", - деген Лукашенко ал кезде.

Орусия менен болгон мамиле бузулуп баратканда, былтыр ноябрда Лукашенко Украина жетекчилигине кайрылып, Киевке - бирдиктүү мамлекет түзүүнү сунуш кылды, январда болсо - Беларус Европа мамлекеттери менен жакындашып, Алмания же Швециянын жолун жолдоого даяр деп да айта баштады.

Аны менен катар Лукашенко орчундуу маселелерди тамашага айлантып, оор абалдан кутулуп кеткенди да жакшы билет. Мисал үчүн былтыр март айында өткөрүлгөн президенттик шайлоону европалык байкоочулар сынга алганда, ал минтип жооп берген: "Туура, биз шайлоону бурмаладык, мен аны батыштыктарга да айттым. Президент Лукашенко үчүн 93 жарым пайыз добуш берилиптир. Бирок байкоочулар аны европалык көрсөткүч эмес дешти, ошондуктан биз аны ылдый түшүрүп, 86 пайыз кылдык. Европалыктар бизге айткан - эгер көрсөткүч европалык болсо, биз шайлоону тааныйбыз деп. Ошондуктан биз аны европалык кылдык", - деген Лукашенко шайлоодон кийин.

Батыш адамдарына мындай сөздөр жакпаса да, Беларустун карапайым калкы аны - чет өлкөлүктөрдү сокту деп жактырат. 1994-жылы алгач президент болуп шайлангандан кийин Лукашенко элдин кызыкчылыгында деп тиги же бул жетекчилерди кокусунан жумуштан ала баштагандан соң, Беларус эли аны "батька" деп атап калган.

XS
SM
MD
LG