БАГДАД. Иракта жан кечти террорчунун жардыруусунан бери дегенде 15 киши курман болуп, 30 чактысы жараат алды. Террорист миналанган машинесин азык- түлүк кампасынын алдында турган котологон элди ичине айдап кирген. Дүйшөмбү күнү Багдаддын эки базрында бомба жардырылып, андан 80 ден ашык киши круман болгон болучу.