Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:30

ЭСТОН ПАРЛАМЕНТИ «СОВЕТТИК ЖООКЕРГЕ» КАРШЫ ЧЫКТЫ


Төрөкул Дооров, Москва. Бүгүн (15-февралда) Эстон парламенти «Тыйуу салынган имараттарды бузуу жөнүндөгү” мыйзамды акыркы окулушунда жактырган соң, өлкө президенти Тоомас Хендрик Илвес сыясы кургай элек мыйзамга вето койду. Президенттин оюнча, бул мыйзам эстон баш мыйзамынын рухуна каршы келет. Четке кагылган мыйзамда көрсөтүлгөн курулуштардын бири - Таллинди фашисттерден бошоткон советтик жоокердин айкели болчу. Адистердин айтымында, Эстон парламенти кабыл алган жаңы мыйзам өлкө президенти тарабынан колдоого алынган болсо, анда Балтика боюндагы бул өлкө менен Орусиянын алакалары салкындашы ыктымал эле.

Эгерде Президенти Тоомас Хендрик Илвес «Тыйуу салынган имараттарды бузуу жөнүндөгү” мыйзамга вето койбогон болсо, анда Таллиндеги Боштондукка чыгаруучу жоокердин коло айкели жаңы мыйзам күчүнө киргенден кийин 30 күндүн ичинде ордо шаардын чордонунан башка жайга көчүрүлмөк болчу.

Эстонияда Таллинди фашисттерден бошоткон советтик жоокердин эстелигин алып салуу чакырыктары айтылып келатканына 10 жылдан ашты.

Бир нече жыл мурда эстониялыктар ал айкелде жазылган маалыматты өзгөртүп, аны «Экинчи дүйнөлүк согушта курман болгондорго» арналган эстелик деп атай башташты. Анын жанындагы «өчпөс от» да алынып салынган.

Ушундан кийин жаңжал кичине басаңдап калгандай болду эле, бирок былтыр 9-майда эстеликти коргогондор менен ага каршы тургандардын ортосунда чыккан жаңжалдан кийин маселе кайра күн тартибине курч коюлду. Андан ары эстониялык айрым саясий күчтөр бул коло айкелди биротоло алып салууга чакыра башташкан.

Эстониянын парламентинде бүгүн түшкө чейин жактырылган, бирок бир нече сааттан соң вето коюлган мыйзам тууралуу өлкөнүн президенти жакында эле өз пикирин билдирип, мыйзам мамлекеттин Конституциясынын айрым жоболоруна карама-каршы келет деп айткан.

Парламентте бүгүн 101 депутаттан 46сы бул талаш-тартыштуу мыйзамдын кабыл алынышы үчүн добуш берди, дагы 44 депутат каршы чыкты. Калгандары добуш берүүгө катышкан жок.

Эми президент бул мыйзамга кол коюудан баш тарткан соң, мыйзам парламентке кайра кароого жөнөтүлүүгө тийиш.

Орусиянын расмий жетекчилиги болсо эстон президенти бул мыйзамды четке кагат го деп үмүттөнүп келген.

Орус Мамлекеттик думасынын спикери Борис Грызловдун айтымында, эстон парламентиндеги талкуу учурунда бул мыйзамды бардык эле саясий күчтөр бирдей колдоп чыккан жок. Демек, бул - парламентте мыйзамга карата башкача ойлор да бар дегенди түшүндүрөт.

- Мыйзамдын кабыл алынышы Орусия менен Эстониянын мамилелерин бир кыйла татаалдаштырып салат деп эсептейм, - деген Борис Грызлов.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги да мына ушундай эле маанайда расмий билдирүү тараткан.

Мамлекеттик думанын өкүлдөрү мындан бир ай мурдараак: «Эгерде Эстония ал эстеликти жок кыла турган болсо, анда Орусия Эстонияга каршы атайын экономикалык чектөөлөрдү киргизүү маселесин карашы керек», - деген сунуш менен президент Владимир Путинге кайрылууга даяр экенин билдирген эле.

Айрым серепчилердин айтымында, бүгүн сөзгө алынган мыйзамдын Эстониянын парламентинде көпчүлүк добуш менен жактырылышы өлкөдөгү алдыда күтүлгөн жалпы шайлоого байланыштуу болду.

4-мартта эстон жеринде парламенттик шайлоо өтөт.

Андыктан көпчүлүк саясий партиялар шайлоо алдында эстониялыктарга жага тургандай ар кыл аракеттерди көрүүгө далаалаттанууда. Бул мыйзам - ошол аракеттердин бири, дешет орусиялык серепчилер.

Эстонияда советтик аскердин айкелине каршы чыгып жаткандар «Мамлекетти жарым кылымдай мезгил бою баскынчылык алдында матап тургандардын эстелигинин ордо шаарда сакталып калышына каршы экендиктерин» айтышууда.

Эстон парламенти бүгүн кабыл алган башка бир мыйзамда совет аскерлери Таллинге кирип келген күндү “Каршылык көрсөтүү күнү” деп атоо чечими камтылган. Совет доорунда бул күн “Боштондукка чыгаруу күнү” деп аталып келген эле.

XS
SM
MD
LG