Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңеши декабрда атайын чечим чыгарып, Иранга каршы чектөө жарыялаган жана 60 күндүн ичинде Иран өз ишканаларындагы уран байытуу иштерин токтотпосо, андан да катуу чаралар көрүлүшү мүмкүн деп билдирген. Эскертүүнүн мөөнөтү 21-февралда аяктады. Анын алдында, 20-февралда Вена шаарында Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттиктин төрагасы Мохаммед Элбарадеи жана Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысы Али Ларижани жолукту.
Ларижанинин айтымында, маселени сүйлөшүү жолу менен гана чечүү мүмкүн жана андай диалог өткөрүүгө Иран даяр. Бирок андай сүйлөшүү алдында Батыш Иранга эч кандай алдын ала шарт койбош керек жана диалог учурунда Тегеран - анын өзөктүк изилдөөлөрү эч кандай аскерий максатты көздөбөгөнүн далилдей алат.
20-февралда Иран сыналгысы аркылуу президент Махмуд Ахмадинежад дагы чыгып сүйлөдү жана анын айтымында, Иран өзүнүн уран байытуу иштерин эч качан токтотпойт, тескерисинче жакын арада өлкө ал технологияга толук ээ болот, анткени ар бир өнүккөн мамлекет атом кубатын пайдаланууга жөндөмдүү болууга тийиш.
Андан тышкары, Иран президентинин айтымында, Тегеран өзүнүн өзөктүк программаларын бир гана шартта токтотушу мүмкүн - ал үчүн Иранга андай талап коюп жаткан мамлекеттер дагы өздөрүнүн өзөктүк ишканаларын токтотуш керек. "Биз сүйлөшүү өткөрүүнү каалайбыз, бирок шарттар адилет болууга тийиш. Биздин уран байытуу иштерибиз жана башка ишканалар токтотулсун десеңиздер, макул, сүйлөшөлү, маселе жок. Бирок адилеттүү болуш үчүн биз менен сүйлөшүү жүргүзөбүз дегендер өздөрүнүн өзөктүк ишканаларын дагы токтотсун. Ошондо гана андай сүйлөшүүнүн шарттары адилеттүү болот", - деди Иран президенти.
АКШ жетекчилиги Ахмадинежаддын андай сөзүн жоопко татырлык эмес деп мүнөздөдү. Өкмөт өкүлү Тони Сноунун айтымында, кандай талап коюлуп жатканын Тегеран жакшы түшүнөт: "Ирандыктар эмне кылыш керек экени - алар өзөктүк бомба чыгарууга мүмкүн алып келе ала турган уран байытуу иштерин токтотууга тийиш", -деди Сноу.
Анын айтымында, Ирандын атом программаларынын азыркы абалы тууралуу жана декабрда кабыл алынган резоюция кантип аткарылып жатканы жөнүндө Вашингтон - Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттиктин докладын күтөт. Агенттиктин деректири ал докладды Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешине 23-февралга чейин тапшырууга тийиш.