Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:30

ЭЛ АРАЛЫК СОТ ӨКҮМҮН УГУЗДУ


Улуттар Уюмунун Гаагадагы эл аралык соту 1992-95-жылдардагы Босниядагы тукум курут иштери үчүн Сербиянын тикелей жоопкерчилиги жок деп тапты. Ошол эле учурда соттун токтомунда Белград бийликтери геноцидди алдын алууда жетерлик аракеттерди жасабаганы да белгиленди. Тукум курут саясаты үчүн бүтүндөй бир мамлекетти айыптаган ишти сот өзүнүн алтымыш жылдык тарыхында биринчи ирет карады.

Улуттар Уюмунун эл аралык соту Босниядагы улут аралык уруштар маалында Сребреницада босниялык сегиз миңдей мусулман кырылганын геноцид деп тапты. Гаагадагы эл аралык трибунал да Сребреница кыргынын 2004-жылы апрелде тукум курут фактысы катары тааныган эле.

1992-95=жылдардагы ич ара согушта 100 миңден ашуун адам кыргынга учураган. Бирок эл аралык сот Босниядагы согуш маалындагы массалык кыргындардын калган фактыларын тукум курут кылмышы катары аныктаган жок. Мындан тышкары сот Сербиянын геноцидге тикелей жоопкерчилиги барлыгын да ырастаган жок. Болгону токтомдо Белград бийликтери апаттуу бул иштерди алдын алганга жетерлик аракеттерди көрбөгөнү гана белгиледи. Ушундай эле жоопкерчиликтен Черногория да бошотулду.

Эл аралык сотко доо арыз менен Босния-Герцеговина 1993-жылы кайрылган болчу. Доо арызда Белград жана Подгорица бийликтери тукум курут кылмыштары тууралуу 1948-жылдагы эл аралык конвенцияны бузганы жана Босниядагы кызыл кыргындарга шыкакчы болгону үчүн айыпталган.

Эгер сот Босния-Герцеговинанын доо арызын канааттандырганда Сербия бир нече миллиард долларлык кунга жыгылмак. Белград бийликтери соттун амирин жана анын чечимин тааныбай турганын айтышкан эле.

Босния-Герцеговинанын доо арызы сотто былтыр 27-февралда карала баштаган жана процесс былтыркы жылдын майына чейин созулган.

Улуттар Уюмунун Гаагадагы эла аралык адилет соту мамлекеттер аралык талаштарды караган эң жогорку инстанция болуп саналат. Тукум курут кылмышы үчүн бүтүндөй бир мамлекетке доо коюлган ишти сот өзүнүн алтымыш жылдык тарыхында биринчи ирет карады.

Босниядагы кыянат кыргындарды жана тукум курут фактысын Улуттар Уюмунун эски Югославия үчүн атайын түзүлгөн эл аралык трибуналы да териштирип, күнөөкер аскерилер менен мурдагы саясий жетекчилердин жоон тобун жоопкерчиликке тартканга жетишти.

XS
SM
MD
LG