Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 16:04

КЫРГЫЗСТАНДА БАШКАРУУЧУ ЭЛИТАГА ЖАҢЫ КАН ЧУРКАБАЙ ЖАТАТ


“Азаттыктын” маектеши Бакыт Сейитбаев, социолог, саясат таануучу. Ал көп жылдардан бери Кыргызстандын элитасынын өсүү, калыптануу маселелерин изилдеп келатат. Анын баамында, азыркы кыргыз элитасына жаңы кан чуркабай, мамлекетти башкаруу эскирген элитанын гана энчисинде калууда.

- Биз билгенден сиз Кыргызстандагы элитанын өсүшү, калыптанышы боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп келесиз. Азыркы элитаны кандай баалайсыз? Элитабыз дегендердин проблемасы эмнеде?

- Бизде азыркы учурда каалайбызбы-каалабайбызбы, илгерки тарыхтан бери келе жаткан башкаруучу жана башкарылуучу болуп коом экиге бөлүнөт эмеспи. Башкаруучу элита болуп азчылык башкарат, бул албетте объективдүү көрүнүш. Биздин Кыргызстанда элитанын калыптанышында эң негизги орчундуу чоң циркуляция жүрбөгөнсүйт. Мурунку эле элитанын курамындагы инсандар азыркы учурда мамлекет башындагы саясий элитанын башында келаткансыйт. Парето, Моско сыяктуу илимий инсандар элитологдор айтып кетишкен, коом жаңыланышы үчүн циркуляция, же болбосо жаңы кан, жаңы идеялардын, жаңы топтордун, инсандардын келип турушу абзел деп. Бизде азыр жаңы келип жаткандар азыраак көрүнүп жаткансыйт, мурунку эле элитанын курамындагы адамдар башкарып жаткансыйт.

- Ушунун себеби эмнеде?

- Мунун себеби, системанын анчейин көп өзгөрүүгө дуушар болбогондугу, мурунку эле режимдин кайра эле уланып келе жатканындай сезилет. Байкап көрсөк Конституциянын өтө орчундуу өзгөрбөй жаткандыгы буга мисал. 2005-жылы шайланган парламенттин курамында негизинен мурункулар эле калып калышы, мурда үстөмдүк кылган партия “Алга Кыргызстандын” өкүлдөрүнүн тургандыгы, же болбосо аткаруу бийлигинде деле Акаевдин учурунда төрөлөрдүн бийликте кала бериши байкалууда.

- Элитабыз дегендер өлкө үчүн өтө олуттуу маселелерде да тил табыша албай жатканы байкалат. Бул эмнеге байланыштуу, жеке кызыкчылыктарга барып такалгандан болуп жаткан жокпу?

- Буга коомдогу экономикалык кырдаал да абдан түрткү берип жатат. Анан биздин Кыргызстанда дагы бир өзгөчөлүгүбүз бар, элитанын калыптанышына уруучулук, жердешчилик, өз көмөчүнө күл тартуу деген сыяктуу факторлор чоң таасир көргөзүп жатат. Бюрократиялык элита бийликке өзүлөрүнүн жакындарын тартышат дагы алар акырындык менен саясий элитага аралашып кире башташат. Мындай айтканда, олигархтуу элита деп коёт, башкаларды киргизбей, жолотпой, өздөрү башкарууга аракет жасайт. Бул экономикалык кызыкчылыктардын негизинен да келет.

- Эми сиз айтып жаткандай, башкы нерсе айлануу, циркуляциянын жүрүп турушу үчүн эң негизгиси система алмашышы керекпи илимий жактан алганда?

- Кийинки Конституцияда бир аз өзгөрүүлөр болбодубу. Парламентти партиялык тизме менен шайлоо системасы кирбедиди. Эми ушул жол менен жаңы инсандар, жаңы атуулдар чыга баштайт. Партия аркылуу бийлик тарапка жылууга, парламентке кирүүгө, же коалициялык өкмөткө кирүүгө аракеттер болот. Бирок, бул жерде бизде көп нерсе сатылууда, же сатылып алынууда деген сыяктуу болуп атпайбы. Мисалы, шайлоочуларды дагы, электоратты да сатып алуу болуп кетпедиби акыркы шайлоолордо. Ушундан арылуу керек. Кыргыздын жаңы чыгып келаткан жаш инсандардан чыкса циркуляция жакшы болот.

- Бакыт мырза, сиздер Кыргызстандагы жагдай боюнча өзүңүздөрдүн иликтөөлөрдү китеп, жыйнак кылып чыгарып жатасыздарбы?

- Биз жылына эки жолу атайын саясатчылардын саясий беделин аныктоо боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүп турабыз. Аны болсо гезит беттерине, интернетке жарыялап турабыз. Быйыл жаңы иликтөө учурунда 50 эксперт менен 100дөн ашык саясий инсандардын беделин аныктоо үчүн сурамжылоону жүргүзүп жатабыз. Былтыр биз атайын электораттын маанайы жөнүндө да чоң иликтөө жүргүзгөнбүз республика боюнча. Ушул боюнча китеп жакында чыгат. Финансылык жактан кичине кыйынчылыктар болгон үчүн токтоп турат.

-
Илимий иштериңиздерге ийгиликтерди каалайбыз. Чоң ырахмат.

Маектешкен Улан Эшматов, Прага

XS
SM
MD
LG