Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:20

ДИСКЕТ-ГЕЙТ: КУУГУНТУКПУ ЖЕ МАМЛЕКЕТТИК КЫЗЫКЧЫЛЫКПЫ?


Былтыркы ноябрь айындагы “Реформа үчүн” кыймылынын жети күндүк митинги айтылуу “дискет-гейт” чатагы менен уланып, аркасы анти-митингдер менен коштолгон эле. Бүгүнкү күнгө чейин ошол “дискет-гейт” чатагы боюнча тергөө иштери уланып, ага тиешеси бар делген адамдар маал-маалы менен суракка алынууда. “Реформа үчүн” кыймылынын мүчөлөрү муну куугунтук катары баалап келет. Ал иш боюнча тергөөдөн өтүп жаткан “Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупованын ырасташынча, укук коргоо органдары чектен чыккан аракеттерди жасап, акыркы күндөрү катуу кысым көргөзө башташты. Бирок, мындай маалыматты Башкы прокурордун маалымат катчысы Токтогул Какчекеев четке кагууда.

“Рефома үчүн” кыймылынын былтыркы жети күндүк митинги айтылуу “дискет-гейт” чатагы менен башталган эле. Анда “Реформа үчүн” кыймылынын мүчөлөрү жана бир катар бейөкмөт уюмдарынын жетекчилери Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевдин кеңсесинде кеңешме өткөрүп, бийликти күч менен басып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн делет. Бирок, ал кеңешмеге катышкандар бийлик атаандаштарынын сөздөрүн тыңшоочу аппараттарга жаздырып, аркасынан аңдытып, алардын конституциялык укуктарын бузуп жатканын, жаздырып алгандары болсо жасалма экендигин айтып чыгышкан.

“Дискет-гейт” окуясын ошол кездеги премьер-министр, азыркы кезде оппозициялык күчөрдүн алдыңкы сабына кошулган Феликс Кулов ачыкка чыгарган эле. Көптөгөн башка чуулгандуу окуялардай эле бул окуянын да аягына алигиче чекит коюлбай, тергөө амалдары жүргүзүлүп келет. Ага катышы бар делген “Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупованын айтымында, тергөө иштери одоно мыйзам бузуулар менен жүрүп келет:

- Бийликти күч менен басып алууга аракет жасалды дегендей далил барбы? Бул деген тантырак кеп, чектен чыккан иш. Мен булардын бардыгы ачык, эч кандай жазасын албастан, ушунчалык бетпактык менен жасалып атканына таң калам. Башкы прокуратурага арыз жазып, кылмыш-жаза кодексинин кайсы статьялары бузулуп жатканын да көргөздүм. Бирок, алар эмне иш кылып атышат билбейм, бул орган саясий куугунтук үчүн иштеп атат. Менин оюмча эгерде ушундай чоң адамдар өтүп аткан чоң иште ушундай мамиле болуп атса, жөнөкөй адамдарга карата кандай иштер жасалып атканын элестете бериңиз.

Бирок, укук коргоо органдары башынан эле бул иш мыйзам чегинде каралып келатканын айтып келишет. Башкы прокурордун маалымат катчысы Токтогул Какчекеев, Чолпон Жакупованын айткандарын четке кагып, мындай иштер жөн эле козголо бербестигин айтты:

- Кыз боозуп алып энесин коркутат деген сөз бар. Эми ал кишини Коопсуздук кызматы чакырып атса, алардын ошондой эрежелери бар. Ар бир укук коргоо органдарынын өзүнүн тергөөчү, же болбосо кылмыш-жаза статьялары бар. Иш козголгон. Мындай иш жөн эле козголо бербейт, прокуратуранын санкциясы менен козголот. Ал иш бүтмөйүнчө прокуратура кантип ал кишинин арызын карайт. Бул иш чынында тергөө органдарында, биз аны тергеген жерибиз жок.

Ошентсе да айрым укук коргоочулар бул иш атайын уюштурулганын айтып келишет. Белгилүү укук коргоочу Качкын Булатовдун айтымында, бул иште куугунтук байкалып турат:

- Бул бийликтин эле атайын кылып койгон нерсеси. Үндү жазып кылмыш козгоо деген негизи мындай болот. Ага атайылап прокуратурадан биринчи санкция алат. Баланча кишинин үнүн жаздырганга ошол тергөөчү же тергөө органы санкция алып, анан дискетке прокуратурадан мөөр басып туруп, кайсы бир жактан жазат. Анан жазгандан кийин күбөлөрү менен “мобул жерден жаздык” деп туруп сотко иши ашырылат. Бирок, бул эң татаал нерсе. Булар кайсы бир жерден эле “дискетке жаздырып алдык, эми силер соттолосуңар” дегендей мамиле бул куугунтук.

Ошентип «дискет-гейт» маселеси да бир жаңсыл чечилбей келет.

XS
SM
MD
LG