Эларалык валюта кору менен Дүйнөлүк банктын орток программасына кыргыз өкмөтү кирүүдөн баш тартканын 14-февралда ачыкка чыгарган. Расмий жыйындардын дээрлик баарында Кыргызстан эларалык каржы уюмдары менен карым-катнашын үзбөй тургандыгын ырасталып келатат. Эларалык валюта корунун миссия жетекчиси П.Нойхаус менен жолугушуу маалында өкмөт башчы А.Исабеков да мына ушул маселеге өзгөчө басым жасады.
- Оболу мен сизди Кыргызстан өкмөтү эларалык донорлор, так айтканда, эларалык валюта кору менен мындан ары да тыгыз карым-катнашта болуп, кызматташтыкты уланта бере тургандыгына ишендирип кетким келет. Азыр жашыра турган эч нерсе жок, өкмөттүн алдында оор милдеттер турат.
Эларалык валюта корунун көмөгү менен ишке ашырылып келген долбоор, программалардын текши баары биригип келип ХИПК программасына чырмалышып калганы Кыргызстанда бир жылга жакын кызуу талкууга алынды. Соңунда Феликс Куловдун колу коюлган кат эларалык валюта корунун башкы офисине жөнөтүлүп, анда Кыргызстан койгон талаптар эске алынса программага кирүүгө өкмөт даяр экени билдирилген болчу. Бирок да жаңы өкмөт тышкы карыз жүгүн жеңилдетчү программага кирүүдөн баш тартып, алынган кредиттерди түгөлү менен кайтарып берүү милдетин өзүнө алган. Жаңы өкмөттүн мындай кадамы кандай натыйжага алып келиши мүмкүн экендигин каржы министри Акылбек Жапаров ХИПКтен баш тарткан өкмөттүк жыйында эле билдирген.
- Бул программага кирген күнү да, кирбеген күнү да ушул залда, урматтуу туугандар, отурабыз. Эгер энергетикадагы мен айткан милдеттерди аткарбай турган болсо бул өкмөттүн бир жылдан кийин иштөөгө мүмкүндүгү болбойт.
Жаңы өкмөт аткарууга бел байлаган максат-милдеттер кандай экенине эларалык валюта корунун миссия жетекчиси Паоло Нойхаус да кызыкты.
- Келгендеги максат - ХИПКке кирбей койгондон кийин мындан ары өкмөт эмне иштерди аткарууну көздөп жатканын билгибиз келет. Биз мурдагы өкмөт менен тышкы карыз жүгүн жеңилдетүүнүн шарттары тууралуу пикир алышканбыз. Ал шарттардын басымдуу бөлүгүн ЭВК аныктап, ага Дүйнөлүк банк да өзүнүн сунуштарын киргизген. Өкмөт ХИПКтен баш тартты, бул өлкөнүн өз алдынчалыгын көрсөтөт. Мен сиздин өкмөт азыркы кырдаалдан чыгуунун стратегиясын иштеп чыктыбы деп сурагым келет.
1 миллиард доллар карызынын кечилишин макул көрбөгөн кыргыз өкмөтү ушу тапта жакынкы жылдарга эсептелген стратегиялык программанын үстүндө иштеп жатканын А.Исабеков маалым кылды. Андай маанилүү ишке айыл өкмөтүнөн тарта министрлик менен ведомстук жетекчилерине чейин түгөлү менен тартылганын билдирди.
- Эсептер көрсөткөндөй, бизге эң оболу ички дүң продукт өсүшү 6% кем эмес болушу керек. Анан да биз мамлекеттик чыгымдарды 10% азайтып, ошончо эле өлчөмдө бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүнү көздөп жатабыз.
Өткөн жылы өкмөт ички дүң продукт көлөмүн 8% көтөрүү милдетин алдыга коюп, жыйынтыгында ал 5% ашпай калган. Ошол себептүүбү, быйыл көрсөткүч мурдагысынан эки пайызга аз коюлууда.