Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:43

КУЛОВ АЙТКАНЫНАН КАЙТПАЙТ, БИРОК ОЙЛОР АР ТҮРДҮҮ


Кечээ экс-премьер-министр, “Келечеги кең Кыргызстан үчүн” бириккен фронтунун жетекчиси Феликс Кулов маалымат жыйынын өткөрүп, өзү жетектеген жаңы оппозициялык күчтүн мындан аркы кадамдары тууралуу билдирүү жасады. Анын маалымат жыйында айткандары тууралуу саясатчылар өз пикирлерин билдире башташты.

Кулов маалымат жыйынында президенттик чукул шайлоо өткөрүү демилгеси күчүндө экендигин ырастап, журналисттердин бир катар суроолоруна жооп берди. Анын маалымат жыйынында айткандары боюнча бир катар саясатчылар да өз ойлорун билдире башташты. Кулов саясий кармаштагы негизги багыты өзгөрбөгөнүн, башкаруу системасын реформалоо зарыл болуп турганын жана ченемсиз бийлик дагы эле бир кишинин колунда калып жатканын айтууда.

Биринчи вице-премьер-министр Данияр Үсөнов Куловдун бул маалымат жыйынында жасаган билдирүүлөрү тууралуу пикирин айтып, Кулов баштаган оппозициялык топтун чакырыгы антиконституциялык экендигин билдирди:

- Мына бүгүн бириккен фронт болушуп, оппозициянын башында туруп алып, Кулов президентти кетирейин деп атат. Менин оюмча булардын эң чоң максаты президентти кетириш, парламентти таратыш, анан стабилдүүлүктү бузуп жаңы шайлоо жасоо позицияда болуп атышат. Феликс Кулов ошол бириккен фронттун башчысы болуп алгандан кийин дайыма айтат. Биз конституциялык жол менен барабыз дейт. Бирок, бириккен фронттун чакырыгы өзүнчө антиконституциялык.

Белгилүү саясатчы Мукар Чолпонбаев, Кулов бүгүн эч кандай жаңы нерсе айта албады деген пикирде. Анын айтымында, күндүн жылышы менен кайрадан массалык толкундоолор башталып кетпеси үчүн тандемдин шерти боюнча Кулов кеткенден кийин Бакиев да кетип, кайрадан президенттик шайлоого барышы керек болчу.

Ал эми саясат талдоочу Нур Омаров, Кулов жакынкы арада алдыга койгон иш-пландарын толук иш жүзүнө ашыра алышы ыктымал деген пикирде:

- Менимче Кулов барган сайын өзүнүн күчүнө, мүмкүнчүлүктөрүнө толук ишенерин көрсөтүп атат. Менин оюмча булар өздөрүнүн алдына койгон пландарын толук аткара алышат.

Жогорку Кеңештин депутаты, “Реформа үчүн” кыймылынын лидери Өмүрбек Текебаев да Куловдун бир катар ойлоруна, президенттик чукул шайлоо өткөрүү демилгесине кошула турганын айтты:

- Менин оюмча Кулов жоопкер саясатчы. Ал бардыгын ойлонуп туруп айтып аткан болушу керек. Көпчүлүк адистер бүгүнкү кризистен чыгуунун бир жолу кезексиз президенттик же парламенттик шайлоо өткөрүү деп эсептешет. Бүгүнкү күнү кеп парламентте эмес экени билинип калды, кеп президентте.

Дагы бир Жогорку Кеңештин депутаты Алманбет Матубраимов болсо, Куловдун айтып аткандарын жалпысынан туура эмес деп ойлойт. Бирок, ал тез арада бийлик бутактары реформаланбаса Кыргызстан мамлекеттүүлүгүн жоготуп коюшу мүмкүн деген пикирде. “Бийлик бутактарын реформалоону оболу кадрдык саясаттан, чиновниктердин санын кыскартуудан баштоо керек” деп эсептейт Алманбет Матубраимов.

XS
SM
MD
LG