Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:59

ОРУСИЯДА ӨТКӨНҮ ЖАТКАН ШАЙЛООЛОРДО БИЙЛИК ПАРТИЯЛАРЫ БИРИ БИРИНЕ ОППОЗИЦИЯ БОЛУШАТ


Муса Мураталиев, Москва Орусиянын Мамдумасы бүгүн шайлоолор мыйзамына киргизиле турган толуктоолордун биринчи окулушун өткөрдү. Ал толуктоолордун негизинде партиялар калкы үч миңден ашуун эл жашаган аймактарда тизме менен талапкерлерин көрсөтө алышат. Ошондой эле Мамдума өзүнүн беш өкүлүн Борбордук шайлоо комитетинин жаңы курамына сунуштады. Азыркы БШК мүчөлөрүнүн мөөнөтү 26-мартта аяктайт. Эми дагы бештен өкүлүн жогорку палата менен президент сунушташы керек. Алдыңкы жекшембиде Орусияда жергиликтүү мыйзам чыгаруу органдарына шайлоо өтмөкчү.

Анализчилер баамында Орусияда кийинки учурда үч ири партиялар системасы жарлууда. Үчөө тең азыркы бийликке жылуу мамиледе экендиги менен айырмаланышат дешет. Аларды «жаңы либералдар» тобу дешип, алардын ортосунда «Бирдиктүү Орусия» сол жагында - «Адилет Орусия» жана оң жагында - ушул күндөрү уюшулган «Атуулдук күч» партиясы турганын айтышат.

Саясий эксперттер байкашынча үч партиялык чабуул кантсе да өлкөдөгү саясий орундарды бүт ээлөө үчүн чакырылгын. Алар «эски либерладар», оң күчтөр союзу менен «Яблокону» кысып, акыры такыр катардан чыгарып таштоо болорун айтышат.

Алдыдагы шайлоолордо Владимир Путинди колдоо максатта түзүлгөн эки күчтүн жеңишке жетишери күмөн санатпай тургандыгын Кремлдик саясатчы Сергей Марков айтат:

- "Бирдиктүү Орусия" менен «Адилет Орусия» ортосунда айырма көппү? Күмөнүм бар. Биздин өлкөдө нагыз партия – Путиндин админстрациясы, башкы максат – Путиндин жеңип чыгуусу.

Оппозициялык партиялар орун талашууда бийлик партиялары Санкт-Петербург жана башка чөлкөмдөрдө өтө ыплас ык менен иш жүргүзүп атышкандыгы үчүн СПС, «Яблоко» жана башка партиялар БШКга доо арыздары менен кайрылышкан.

Орусиялык белилүү саясий анализчи Владимир Привловский мунун өзгөчө себеби бар экенин - анын 2008-жылкы президентти шайлоого карата даярдык болуп атканын айтат:

- Бул жолку шайлоо мурдагы шайлоолордой эле бийлик партияларынын кимиси күчтүү экенин аныктоочу учур болот.

Бул жерде элдик шайлоонун жыты да жок экенин айтат.

XS
SM
MD
LG