Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын төрайымы Элена Иманкулованын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, экс-президенттин кызы Бермет Акаева Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоого катышууга өзүнүн талапкерлигин көрсөтүп бүгүн аймактык шайлоо комиссиясына арыз жолдоду. Ошондой эле депутаттык шайлоодо ат салышууга Эрик Арсалиев өзүнүн талапкерлигин көрсөткөн. Буга чейин Кемин шайлоо округунан депутаттык шайлоого катышууга 6 талапкер арыз жолдогон. (AJ)