Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:57

10:56 «Манас» бирикмеси Кыргызстанды кризистен чыгаруу программасын коомчулукка жолдоду


Кайра Жаралуу «Манас» Эл Биримдиги бирикмеси бүгүн жарыялаган Кыргызстанды саясий, экономикалык жана идеологиялык кризистен алып чыгуу программасында өлкөнү Элдик Курултай аркылуу башкарууну, төрт баскычтуу башкаруудан эки баскычтуу башкарууга өтүүнү (президент-аймак), референдум аркылуу конституциялык реформаны ишке ашырууну, андан кийин парламентти, президентти жана Элдик Курултайды шайлоону сунуш кылды. Аталган бирикме президентке ачык кат жолдоп, мамлекет башчыны өлкөдөгү абалды оңдоо үчүн чечкиндүү чараларды көрүүгө үндөгөн жана «Манас» бирикмеси менен катар оппозициячыл «Реформа үчүн», «Кыргызстандын кең келечеги үчүн» кыймылдары менен кызматташууга чакырган. Аталган кыймылдар убактылуу Элдик Конгресске биригип иш алып барышы да мүмкүн экендиги айтылат. «Өлкөнүн, элдин тагдырын жоопкерчиликсиз тымызын калчап бийлегенге кыныккан саналуу адамдардын бийликке болгон монополиясын токтотууга мезгил жетти», -деп баса белгиленген кайрылууда. (KCh)

XS
SM
MD
LG