Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Март, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:05

ТҮНДҮК КОРЕЯНЫН ӨЗӨКТҮК ПРОГРАММАЛАРЫ БОЮНЧА СҮЙЛӨШҮҮЛӨР ЖАҢЫ ДЕҢГЭЭЛГЕ ЧЫКТЫ


Нарын АЙЫП, Прага Атом кубаты боюнча эл аралык агенттиктин деректири Мохамед Элбарадеи 13-мартта эки күндүк сапар менен Пхеньянга келди. Түндүк Кореянын жетекчилери менен ал - өлкөнүн өзөктүк ишканаларын токтотуу тартиби жөнүндө сүйлөшөт.

Бээжин шаарында өткөн алты тараптуу сүйлөшүүнүн акыркы айлампасында Түндүк Корея өзүнүн Йоңбен шаарындагы өзөктүк ишканасын жана башка лабораторияларын 60 күндүн ичинде токтотууга милдеттенме алган. Эми өлкөгө Атом кубаты боюнча эл аралык агенттиктин инспекторлору келип, өзөктүк ишканалардын токтотулуп жатканын жана алардын толук тизмесин түзүү иштерине көзөмөл салууга тийиш. Агенттиктин деректири Мохамед Элбарадеи ал иштерди кантип жүргүзүү жөнүндө сүйлөшүү өткөрөт.

14-мартта болсо АКШ мамлекеттик катчысынын жардамчысы Кристофер Хилл Бээжин шаарына келип, Түндүк Кореянын өзөктүк программаларынан чыккан маселелер боюнча түзүлгөн жумуш тобунун ишине катышат. 19-мартта Бээжинде алты тараптуу сүйлөшүүнүн кезектеги айлампасы башталууга тийиш. Ал сүйлөшүүлөргө эки Кореядан тышкары АКШ, Жапония, Кытай жана Орусиянын өкүлдөрү катышууда.

Сүйлөшүүнүн акыркы айлампасы учурунда 13-фералда Бээжинде атайын келишим түзүлүп, эгер Пхеньян өзүнүн өзөктүк программаларын токтотсо, ага гуманитардык жардам жана 50 миң тонна кара май берилет деп сүйлөшүлгөн. Эл аралык текшерүүчүлөр ишканалардын токтогону жөнүндө маалымат бергенден кийин өлкөгө дагы 950 миң тонна май жөнөтүлөт.

Андан тышкары, Макао аралындагы "Делта Азия" деп аталган банктагы Түндүк Кореянын бир нече эсебин кайра ачуу жөнүндө да макулдашылган. 2005-жылдын ноябрында Вашингтон Түндүк Кореяны күнөөлөп, ал банк аркылуу Пхеньян акча адалдап жана жасалма америкалык долларларды өткөргөн деп чыккан, Түндүк Корея болсо алты тараптуу сүйлөшүүдөн чыгып кеткен. Ал эсептерде бардыгы болуп 25 миллион долларга жакын акча сакталган.

5-мартта Нью-Йорк шаарында Кристофер Хилл менен Түндүк Кореянын тышкы иштер министринин орун басары Ким Ге Гван ушул маселе боюнча сүйлөшүү өткөрдү жана ал жолугушуу - акыркы 50 жыл ичинде эки мамлекет ортосундагы алгачкы эки тараптуу расми дипломатиялык мамиле болду.

Эми эки тараптуу дагы, алты тараптуу да сүйлөшүүлөр жаңы деңгээлде улантылыш керек. "Көп жылдар бою мамиле болбогон Түндүк Корея менен кантип тыкыз кызматташуу боюнча жол табууга биз жөндөмдүү болууга тийишпиз. Алты тараптуу сүйлөшүүдөн дагы орчундуу жыйынтык чыгаруу жөнүндө жолдор изделиш керек. Менин оюмча, бул алгачкы кадамдар өтө маанилүү жана алар алты тараптуу сүйлөшүүнү алдыга жылдырууга да көмөктөшөт", - деп билдирди Элбарадеи 13-мартта Бээжинден Пхеньянга учаар алдында.

Пхеньянда өтө турган сүйлөшүүлөр учурунда Элбарадеи - Түндүк Кореянын Өзөктүк куралды жайылтпоо жөнүндөгү эл аралык келишимге кайра кошулушу жөнүндө дагы сүйлөшүү өткөрөт. Ал келишимден Пхеньян 2003-жылдын январында чыгып кеткен жана былтыр октябрда биринчи өзөктүк сыноо өткөрдү.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG