Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:22

16:24 Жалалабатта аялдарды жыныстык кулчулукка саткан шылуун кармалды


Облустун Р.Д. аттуу тургуну Түркияга иш таап берем деп алдап алып барган эки аялды секс кулчулугуна эки жарым миң долларга сатып жиберген. «Соодагер» шылуунду эл аралык миграция уюмунун жергиликтүү жана облустук улуттук коопсуздук кызматкерлери колго түшүрдү. Ал Кылмыш Кодексинин 124-беренеси боюнча айыпталууда. Мындай маалымат областтык коопсуздук комитетинин төрагасы Равшан Балтабаевден алынды. Жалалабат шаар милициясы ошондой эле 23 жаштагы кызды Түркияга эки жыл мурда секс кулчулугуна үч миң долларга сатып жиберген аялга дагы издөөдө. Эл аралык миграция уюмунун «Эмгек кулчулугун токтот!» долбоору менен иштеген облустагы лидер аялдар ассоциациясы 12 жыл мурда Сузак районуна алданып алынып келинген орус жаранды жакында мекенине кайтарды. Ассоциациянын президенти Жанна Саралаева бир жылда долбоордун «189» номерлуу телефонуна секс жана эмгек кулчулугуна кабылган 20 адам кайрылганын билдирди.(YA)

XS
SM
MD
LG