Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:28

БИЙЛИК МЕНЕН ОППОЗИЦИЯ, ӨКМӨТ МЕНЕН «КАМЕКО», «ЦЕНТЕРРА ГОЛД»


Өкмөт башчынын биринчи орунбасары Данияр Үсөнов бийлик оппозиция менен ортодогу маселелерди сүйлөшүүлөр жолу менен жөндөшү керек экендигин билдирди. Ал эми кыргыз өкмөтү менен “Камеко”, “Центерра Голд” компанияларынын ортосундагы сүйлөшүүлөр аяктады. Өкмөт “Кумтөр” алтын кенинин жанынан табылган жаңы кендерди иштетүү Кыргызстанга чоң пайда алып келиши керек деп эсептейт. Ошондон “Кумтөр” алтын кенинен алынчу салык, төлөмдөрдү көбөйтүү талабы коюлууда.

Бийлик менен оппозициянын мамилесине токтолгон 1-вице-премьер-министр момундай пикирин алдыга жайды.

- Оппозициянын аракети ар качандан бир качан бийликти кабатырлантып турат. Буга чейин ушундай болгон, мындан кийин да ошондой болушу ыктымал. Кептин баары кабатырлануу биздин коомдогу талаштуу маселелерди чечүүгө багытталаp-багытталбаcына байланыштуу. Же болбосо андай кабатырчылык экономика менен турмушка терс таасирин тийгизеби, элдин көбү башка жакка кетип, инвестициянын келишине тоскоол болобу? Менин оюмча, мына ушул экинчиси бизде көбүрөөк. Аны чечүүнүн жолу барбы? Албетте, бар, сүйлөшүүлөр, бийлик менен оппозициянын бир чечимге келиши. Себеп дегенде, экөө тең элди оозанып, эл камы үчүн чыгып жатканын айтышат.

Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү демилгесине токтолгон Д.Үсөнов азырынча андайга мыйзамдык негиз жок экенин билдирди. 2005-жылдын 10-июлунда өткөн президенттик шайлоо мыйзам шарттарын толук сактоо менен өткөрүлгөнүн белгиледи.

Данияр Үсөнов экономикалык маселелерге көбүрөөк басым жасады. Ушу тапта өкмөт тышкы карыздарды кантип кайтаруунун жолдорун иликтөөдө. Анын ырасташынча, “Кумтөр” алтын кени Кыргызстандын бюджетине арбын киреше алып келиши керек. Буга чейин дүйнөдөгү эң ири делген кенден 180 тоннадан ашуун алтын казылып алынган. Эми болсо жанынан дагы 731 тонналык алтын запасы бардыгы аныкталууда.

1992-жылкы келишим, андан кийинки жылдары такталган 1994-жылкы башкы келишим шарты боюнча канадалык компаниянын кенди иштетүү мөөнөтү 2008-жылы аягына чыкмак. Бирок да 2004-жылдан тарта “Кумтөр Оперейтинг Компания” жаңы түзүлгөн “Центерра Голд” компаниясынын курамына кирип, анын 33% акциясы Кыргызстандын энчисине тийген. Данияр Үсөнов 60 миллион капиталы менен курулуш ишин баштаган канадалык “Камеко” компаниясы “Кумтөрдүн” алтынынан 2,5 миллиард долларга жакын пайда көргөнүн белгилеп, салык, башка төлөмдөрдөн Кыргызстан ири алтын кенинен болгону 206 миллион доллар киреше тапканын ачыкка чыгарды.

Ошондон кыргыз өкмөтү ушу тапта жаңы ачылып аткан кенден канча пайда көрө турганын билишке кызыкдар. Акыйкатта да, 731 тонна деп болжолдонуп аткан ири кенден Кыргызстан канча пайда көрүшү ыктымал. Аны Данияр Үсөнов мындайча түшүндүрдү.

- Эми бул жерде кирешесин эсептегенде чыгашасын да эсептеш керек. Чыгашасынан тышкары биз 2,5 миллиард деп жатабыз. Мен 5 миллиард алалы дегенди же А.Малиев айткан 15 миллиардды кенди мамлекетке өткөрүп алалы дегенге макулмун. Чечимдин бүт баарын эсептеп, өкмөт менен парламент кабыл алышы керек. Менин жекече оюм, 3-вариант эң оптималдуу вариант.

Парламенттин тоокен өндүрүшү, тактап айтканда, алтын маселесин иликтеген комиссиянын жетекчиси Болот Шерниязовдун ырасташынча, канадалык ишкерлер болуп калышы ыктымал талап-шарттардан кантип чыгуунун жолдорун мурдатан эле белендеп коюшкан.

- Булар өздөрүн аябай этияттап коюшкан. Анткени булар мыйзамсыз иш жасап жатышканын сопсонун билген. Өздөрүнүн эле маалыматы боюнча 2003-жылы реструктуризацияны жакшы өткөргөнү үчүн Л.Хоменюк мырзага ыраазычылыгын билдирип “Центерра” компаниясынын 176 миң акциясын белекке беришкен,- дейт Б.Шерниязов.

“Кумтөр” алтын кенин “Центерра Голд” компаниясына кошкондон кийин кыргыз өкмөтүнө 33% акция тийген. Жаңы компаниядагы “Кумтөрдүн” үлүшү 63% ашуун.

- Жыйынтыгы мындай болду. Алаpда 133 миллион акция, биздики болсо 34 миллион акция. 133 миллион акциянын баасы 1,5 миллиард доллар акча,- деп маалымдады Д.Үсөнов.

Өкмөт ушу тапта “Кумтөр” алтын кенинин проблемасын мурдагы келишим боюнча иштеп келген канадалык компания менен жаңы шарт түзүү аркылуу чечүү аракетин көрүүдө. Парламенттин айрым мүчөлөрүнүн пикири боюнча Кыргызстанга күткөн кирешени алып келбеген алтын кенди улуттук менчикке өткөрүү, болбосо ачык тендер өткөрүп, жаңы ачылган кенди башка инвесторго берүү демилгесин Д.Үсөнов колдобостугун билдирди. Анткен менен жаңыдан ачылчу кен боюнча макулдашууга жетишилген шарттарды Жогорку Кеңеш жактырабы суроосу азырынча ачык. Маселени чечерден мурун өкмөт “Кумтөр тууралуу” атайын мыйзам кабыл алып, мындан аркы оюн эрежесин укуктук нукка салууну көздөөдө.

XS
SM
MD
LG