Акыйкатчынын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, (“ЭрК”) “Эркин Кыргызстан” прогрессивдүү-демократиялык партиясы Отуз адыр шайлоо округуна Турсунбай Бакир уулунун талапкерлигин көрсөтүшөт. 17-мартта аталган партиянын XIII курултайы өткөрүлүп, анда коомдук-саясий кырдаал жана Кемин, Отузадыр шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү маселеси каралат. (AJ)