Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:18

7:00 Башкы прокуратура кыргыз жаранын аткан АКШ жоокери кыргыз мыйзамдары менен соттолушун талап кылууда


Мындай талап коюлган кайрылуулар АКШнын тиешелүү органдарына жолдонгонун «Азаттыкка» башкы прокуратуранын маалымат катчысы Токтогул Какчекеев билдирди. Анда тергөөнүн жыйынтыгында АКШ жоокери Закари Хэтфилд толук күнөөлүү деп табылганы жана аны «адам өлтүрүү» беренеси менен айыптоого жетиштүү далилдер бар экени айтылат. Бирок ошол эле учурда буга чейин кабыл алынган кыргыз-америка келишимдери аны кыргыз тарапка өткөрүп берүүгө жол бербейт. Былтыр 6-декабрда Бишкектеги “Манас” аскер базасындагы күйүүчү май ташуучу ишкананын айдоочусу Александр Иванов америкалык жоокердин аткан огунан мерт болгон эле.(SM)

XS
SM
MD
LG