Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:31

КЫТАЙ ПРЕЗИДЕНТИН МОСКВАГА МУНАЙГА БОЛГОН МУКТАЖДЫК АЛЫП КЕЛДИ


Дүйшөмбү күнү Кытайдын президенти Ху Цзинтао үч күндүк визит менен Москвага келди. Сапар учурунда эки өлкө ортосунда 4 миллиард долларлык соода-экономикалык келишимге кол коюлат деп болжолдонууда. Ошондой эле Москвада түрдүү маданий иш чараларды камтыган “Кытай жылы” башталат.

Мунай- газга болгон муктаждык Кытай жетекчилигин кара майга бай өлкөлөр менен жакшы мамиле күтүүгө түртүүдө. Ху Цзинтао 2003-жылы мамлекет башына келгенден бери Москвага жасаган үчүнчү ырасмий сапарынын максаты да Кытай өндүрүшчүлөрүнүн чийки затка болгон керектөөсүн камсыздоого багытталган.

Россия азыр Европанын эң чоң мунай- газ камсыздоочусу жана Азиянын тез өсүп бараткан базарына кирүүгө өтө дилгир. Эл аралык саясый майданда олуттуу оюнчу болууга умтулган Москва үчүн Кытайга мунай-газ, металл, каруу жарак сатып, анын колдоосун алуу маанилүү.

Виктор Кременюк Москвадагы АКШ жана Канада институтунун орун басар директору. Ал Москва менен Бээжин кандайдыр бир бирине көз каранды экенине көңүл бурат:

- Сиздерге маалым, эки өлкө кайсы бир деңгээлде бир бирине көз каранды: Кытай ырасында эле Россиянын табигый ресурстарына муктаж болсо, Россия кытайлыктардын акчасына эмес, Кытайдын колдоосуна муктаж. Мына ушул негизде алар өз ара мамилени өздөрүнө ашыкча көп милдеттенме албастан туруп, өнүктүрүүгө куштар деп ойлоймун.

Өкмөттүк Синхуа агенттигинин билдиришинче, Ху Цзинтаонун визити учурунда Кытай менен Россия 4, 3 миллиард долларлык соода-экономикалык келишимге кол коюлушу ыктымал.

2006-жылы эки өлкө арасындагы сооданын көлөмү дээрлик 15 процентке өсүп, 33, 4 миллиард долларга жетти. Эки өлкө арасында аскерий соода да бийик деңгээлге коюлган: Кытай россиялык каруу жарак менен аскерий техниканын эң ири кардары. Кытайлык жана россиялык аскерлердин кызматташуусу да жанданып барат. Былтыр биринчи жолу эки жактын аскерлери катышкан машыгуу өттү.

Москва жана Бээжин соңку кезде АКШнын жана Батыш өлкөлөрүнүн таасирине каршы чогуу аракеттенип жүрөт. Алсак, БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Иранды ядролук программасынан баш тарттыруу маселеси каралганда, Россия жана Кытай Тегеранга каршы катаал чара колдонууну жактаган эмес. Ошондой эле Кытай жана Россия курамына Кыргызстан кирген Шанхай кызматташуу уюмунун таасирлүү мүчөлөрү.

XS
SM
MD
LG