Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:05

ЖОЛ АЧКЫЛА, БИЗНЕС КЕЛАТАТ!


Кечээ парламент чакан ишкерликти колдоо жана аларды текшерүү тартибин жөндөө боюнча эки мыйзам долбоорун кабыл алды. Текшерүүчү менен салык төлөөчүнүн ортосундагы мамиле-катыш мындан ары мыйзамдык негизде жөндөлмөкчү. Ишкерлерди улам-улам текшерүүлөрдү азайтып, алардын укугун коргоо максатында кабыл алынган эки мыйзам долбоору аркыл пикирлерди жаратты.

Ишкерликти колдоо, экономиканын негизги жүгүн аркалап келаткандарга шарт түзүп берүү жөнүндө оголе көп айтылат. Ошондон чакан ишкерликке көмөк көрсөтүп, аларды ыксыз текшерүүлөрдү азайтып, иштеп аткандарды дембе-дем тескөөлөрдү чектөөгө багытталган эки мыйзам долбоору депутаттар арасында кыйла кызуу талаш-тартышты жаратты. Экономикалык саясаттагы эки мыйзамды депутат Өмүрбек Бабанов «революциялык кадам» катары баалайт.

- Бул мыйзам биринчи жолу кабыл алынып жатат. Бул болсо биз экономикалык мыйзам жагында революция кылдык. Коррупцияга биртоп жолтоо болот, жолун бөгөйт дегенге мен ишенем.

Бирок да алдагыдай көтөрүңкү баага депутат Авасбек Момункулов макул эмес. Анын ырасташынча, чакан ишкерликти өзгөчө бапестөөнүн салакасы салык жыйымдарынын азайышына алып келиши ыктымал.

- Мен чакан ишкерликти колдоо мыйзамына каршы болдум. Эми ал мыйзамга кол коюлуп ишке кирсе бутуна туруп калган ири ишканалардын баары бөлүнүп- бөлүнүп, 35 – 70 кишиден майдаланып отуруп казынага бир да тыйын түшпөй калышы мүмкүн,- дейт А.Момункулов.

Депутат Темир Сариев Кыргызстандагы «көмүскө экономиканын» көлөмү 70% жетип калганын айтып, мамлекет чакан ишкерликке сөзсүз жардам көрсөтүшү керек, деген пикирде.

- Бюджетке залака келбейт. Эгер бюджеттин киреше жагын карап көрсөңөр, терең талдай келсек, анын 80% ири ишканалар берет. Алардын саны 102ден 110го чейин эле, саналуу ишканалар.

Мамлекеттик салык комитетинин төрага орунбасары Жеңишбек Эшенкулов жаңы мыйзамдар ишке киришсе өлкө казынасына түшчү акчалардын саны кыйла азайып кетиши ыктымал дейт.

- Мамлекеттик казынаны толтуралы десек, бул мыйзамды колдобош керек. Мен өзүмдүн жекече пикиримди айтып коеюн. Мен ачык эле айтып коеюн, эгер бул мыйзам өтүп кетчү болсо мамлекеттин казынасына эч кандай кошумча булактардан салык түшпөйт.

Ири ишканалар салыктан качып майдаланып, анын натыйжасында чогултулчу салыктар азайып кетиши мүмкүн эместигин депутат Осмонбек Артыкбаев да ырастады.

- Ири ишкана салыктан качып эч качан кичинекей ишкана болбойт. Ири ишкананын максаты, жасаган иши, масштабы ошол ири ишкананын деңгээлинде болот. Аны эч качан майдалап кичи ишкана кыла албайсыз.

Жаңы мыйзамдар тууралуу парламент мүчөлөрү, салыкчылар ортосунда биртоп кайчы пикирлер бар. Алардын биртобу жаңы «Салык кодекси» кабыл алынганда такталышы ыктымал.

XS
SM
MD
LG