Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:18

МАЛАЙЛЫККА САТЫЛГАН ЭКИ ЖООКЕРДИН ОКУЯСЫН СОТ ТЕРИШТИРҮҮДӨ


ИИМдин эки жоокерин дунган ишкерге малай кылып берүү фактысына байланышкан сот иши дагыле уланууда. Бул ишке күбө катары сотко чакырылган Москва районунун айрым тургундары кылмыш ишти териштирүү акыйкатсыз өтүүдө деген пикирин айтышууда. Аскерден малайлыкка жумшалган жоокердер өздөрү болсо сотко келбей жатышат.

Өткөн жылы 7702 аскер бөлүгүнүн командири К. Тулгабаев досу, дунган улутундагы Юсузов Аюпка аталган аскердик бөлүктө кызмат өтөп жаткан эки кыргыз жигитин малай кылып берген. Алгач, жоокерлерди ферманы кайтарасыңар, силерге акча төлөп берет деп алдашкан. Эки жоокердин бири алты ай, бири бир жылга жакын Чүй облусунун Москва районунда жашаган дунган ишкердин колунда малай катары иштеген.

- Биз балдарды айылдан дайым көрчүбүз. Жоокерлерди жалдап келди дешээр эле. Көрсө аларды алдашыптыр, малай катары кылышыптыр. Аларды “бич” деп атачу экен, ал кыргызча малай, кул деген эле сөз экен. Дунган улутундагы Юсузов Аюп эки жигитке нечен кордукту көрсөткөн экен. Аны МТРКдан тартып жатканда толук айтып беришти. Аларга ит көрбөгөн кордукту көрсөтүп, узундугу жүз жыйырма, туурасы сегиз метр келген сарай салдырган. Базарга мал саттырган.

Москва районунун Садовой айылынын тургуну Анараалы Орозбеков жабырлануучулар Асанов Бекмырза жана Турсунбеков Азаматка жардам берген адам. Ал эми бул ишке байланышкан биринчи сот ушул жылдын 13-марты күнү болуп ага Азамат Турсунбеков (жабырлануучу) гана катышкан. Кечээ болсо эки жабырлануучу тең сот ишине келген жок. Күбөлөр, “балдарды коркутуп же акча менен алдоо болушу толук мүмкүн, балдар сот ишинен качып жатат”,- деп айтышууда. Алардын бири Саткын Мамашова.

- Биринчи сотто Азамат Турсунбековду биз менен сүйлөштүрүшпөдү. Азамат мурункудай эмес, коркуп турду. Биз жоокерлерди куткарууга жардам бердик. Алар ооруп калганда да аларга жардам бердик эле, эми мына алар кайра сотко келбей жатышат. Эгер мындай кыла берсе биз аларды сотко беребиз. Бир заматта бок кечип кыйналып жүргөн күндөрүн унутуп калгандарына танкалып жатам.

Ал эми бул кылмыш ишине тиешеси бар адамдардын бири, Коргоо министринин мурунку кызматкери Нурадил Кулушевдин адвокаты Осунбек Жамансариев эки жоокердин сот ишине катышпай жаткандыгын төмөндөгүдөй түшүндүрдү.

- Ар кандай себеп болушу мүмкүн, мүмкүн чакыруу жетпей калды. Алар сот ишине катышпагандан кийин иш аягына чыкпайт. Ал эми жогоруда күбөөлөр сот адилетсиз деп атышат, мен ага кошулбайм. Баары мыйзамдын чегинде өтүп жатат.

Президент алдындагы адам укуктары боюнча комиссиянын жетекчиси Турсунбек Акундун бул кылмыш иши менен тааныштыгы бар.

- Эл аралык деңгээлге көтөрүп чыкпасак дагы бул иш Кыргызстандын чегинде өтө көңүл бурууну талап кылат. Күнөөлүү адамдар өз жазасын алыш керек. Канча кылган күндө да, мен күбөлөрдүн таламын колдойм. Алар өздөрүнүн сөзүнө бекем турушуп жатат. Бирок эки жабырлануучунун сотко келбей жатканына мен түшүнбөй турам. Күбөлөр айткандай баары болушу мүмкүн. Баары бир сот аягына чыгышы керек.

Келээрки сот иши 9-апрель күнү аскер сотунда болот.


Жазгүл Жамангулова, Чүй

XS
SM
MD
LG