Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:48

Украина: президент Ющенко Жогорку раданы мөөнөтүнөн мурда таркаткан жарлыкка кол койду


Бүгүн кечинде Украинада президент Виктор Ющенко өлкөнүн парламентин - Жогорку раданы мөөнөтүнөн мурда таркаткан жарлыкка кол койду.

Бүгүн кечинде телеканал аркылуу элге кайрылган сөзүндө президент Виктор Ющенко:

- Менин кадамым мамлекетти,анын суверенитетин, территориялык бүтүндүгүн сактап калуу,өлкөнүн конституциясын,жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо үчүн чукул муктаждыктан келип чыкты, - деп айтты.

Президент парламентти кризисти атайылап курчутканы үчүн айыптады.

Өз жарлыгы менен президент 27-майга парламенттик шайлоо белгиледи.

Бирок украин парламенти президенттин жарлыгын мыйзамсыз деп жарыялап, өз ишин уланта берерин билдирди.

XS
SM
MD
LG