Мындай маалыматты “Арнамыс” партиясынын өкүлдөрү билдирди. Жалпысынан мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону өткөрүү талабы менен ачкачылык акциясын өткөрүүгө 122 киши жазылган. Алардын ичинен 50 киши расмий түрдө арыздарын жазып беришкен. Парламент имаратынан алдына 10 боз үй тигилери кабарланууда. (AiT)