Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:00

АЧКАЧЫЛЫК КАРМАГАН БЕКТЕМИР АКУНОВ АБАКТА КАЗА ТАПТЫ


5-апрелден 11-апрелдге чейин “Бириккен фронттун” идеяларын колдоп ачкачылык кармаган Бектемир Акунов Нарын шаардык ички иштер башкармалыгынын камерасында жатып, 15-апрелде түш ченде каза болгон. Бектемир Акунов Нарын районунун Орто-Нура айылынын тургуну эле, ал быйыл 53 жашта болчу. Кандай себептерден, эмне болуп Бектемир Акунов каза тапты? Ал өзү муунуп өлдүбү же башка себептери барбы?

Парламент депутаты Мелис Эшимкановдун айтымында, Бектемир Акунов 1954-жылы Нарын районунун Ортонура айылында туулган. Ал 8 баланын атасы, улуу баласы 1976-жылкы болсо, кенжеси үч жашта.

Б.Акунов Кыргызстанды сактоо патриоттук кыймылынын мүчөсү болгон. Ал 5-апрелден тарта саясий ачкачылык акциясын жарыялагандардын катарына кошулуп, 11-апрелге чейин ачкачылык кармаган. Анын абалы начарлагандыктан ооруканага жеткирилген.

Митингдин катышуучулары каза болгон Бектемир Акуновду кечээ бир мүнөт аза күтүп эскеришти.

Бектемир Акуновдун эки иниси Өмүрбек жана Калыбек Акуновдор дагы «Келечеги кең Кыргызстан үчүн» бириккен фронту жана “Реформа үчүн” кыймылы уюштурган митингге катышып жүрүшөт. Аларга жолукканымда Өмүрбек Акунов агасы тууралуу мындай деди:

- Бектемир байкем 5-апрелден баштап 11- апрелге чейин ачкачылык акциясына катышкан. Ден соолугум начарлап турат, дегенинен догдурга да көрсөткөнбүз. Агабызды мурдагы күнү Нарынга таксиге салып жибергенбиз. Кан басымы жогорулап өзүн жаман сезип турам деген. Милиция кармап, камап коюптур, муунуп өлдү, дешүүдө. Андай болууга мүмкүн эмес. Өзү ден соолугу чың, өтө намыстуу адам эле.

Жогорку Кеңештин депутаты Темир Сариевдин айтымында, Бектемир Акуновду үйүнө кетип бараткан маалда Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери кармап, камап, 15-апрелде көйнөгүнө асылып өлгөндүгүн айтышкан.

Президенттин алдындагы адам укугун коргоо комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун ачкачылык акциясына катышып, ден соолугу алсырап турган Бектемир Акуновду милиция кызматкерлери кармоого, камоого акысы жок эле, эми анын өлүмүнүн себептерин бейтарап дарыгерлер менен укук коргоочулар иликтеши керек деп “Азаттыкка” билдирди.

«Келечеги кең Кыргызстан үчүн» бириккен фронт жана “Реформа үчүн” кыймыл Бектемир Акуновдун өлүмүнүн себептерин иликтөө үчүн мурдагы саламаттыкты сактоо министри Накен Касиев баштаган өкүлдөрдү Нарынга жөнөтүп атышат.

Сүрөттө: солдон биринчи, баш кийимсиз турган адам Бектемир Акунов.

Кабыл Макеш, Бишкек

XS
SM
MD
LG