“Хьюман Райтс Уотч” эл аралык укук коргоо уюму кабарлагандай, көз карандысыз журналисттин соту 19-апрель күнү башталат. Ниязовага чек араны мыйзамсыз өтүү, контарбанда кылуу, Батыштын колдоосун пайдаланып, коомдук тартипти бузуу өңдүү кинелер коюлуп, ал 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Укук коргоочулардын айтымында, Умида Ниязова саяий себептерден соттолуп жатат.