Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:02

БЕКТЕМИР АКУНОВДУН СЫРДУУ ӨЛҮМҮН УКУК КОРГОО ОРГАНДАРЫ ТЕРИШТИРҮҮДӨ


Бириккен фронтту колдоп ачкачылык кармап, 15-апрелде Нарында абакта жатып каза болгон Бектемир Акуновдун өлүмү боюнча коомчулукта ар кыл пикирлер айтылууда. Ырасмий бийликтин билдиргени боюнча, ал административдик тартипти бузуп, Нарын шаардык ичики иштер башкармалыгынын камерасында жатып, өзү муунуп өлгөн. Ал эми маркумдун жакындары жана айрым байкоочулар Бектемир Акунов өзүн өзү өлтүрүүгө барбайт эле, деп ырасмий бийликтин билдирүүсүнө ишенбей жатышат.

Ички иштер министри Болот Ногойбаевдин айтымында, Бектемир Акуновдун өлүмү боюнча жыйынтыкты Башкы прокуратура чыгарат. Ал эми министрлик Бектемир Акунов өз жанын өзү кыйды деген тыянакка келди:

- Бектемир Акунов 14-апрелде Нарынга келип, бирөө-жарым менен спирт ичимдиктерин ичкен окшойт. Түнкү саат он-он жарымдарда жергиликтүү администрацияга барган. Мекемени кайтарган күзөтчү аны коё бербей, кетирүүгө аракет кылган. Бектемир Акунов ага каршылык көрсөткөндүктөн, күзөтчү жигит Нарын шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерин чакырган. Алар келип административдик проткол түзүшүп, убактылуу кармоочу жайга камашкан. Дем алыш болгондуктан сот жок болчу, ал эми Бектемир Акунов болсо саат он бир чендерде өзүнүн көйнөгүнө асынып өлгөн,- деди Болотбек Ногойбаев.

Министрдин маалыматы боюнча, бул окуяга байланыштуу материалдардын бардыгы прокуратурада. Эми алар бул ишке юридикалык баасын бериши керек.

Бул ишти териштирип жаткан Ички иштер министрлигинин ушундай билдирүүсүнө күмөн санагандар да жок эмес. Маселен, президенттин алдындагы адам укугу боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун Бектемир Акунов өзүн өзү өлтүрдү деп айтылган маалыматтарга ишенбестигин айтты:

“Бектемир Акунов администрацияга барып, кызматтан кеткиле деп айтканы чын болушу мүмкүн. Бирок аны ошону үчүн камап койгону туура эмес. Азыр эми көз карандысыз комиссия иштеп жатат, бүгүн жыйынтыгы белгилүү болушу керек. Азырынча бир нерсе так айтуу кыйын, бирок Бектемир Акунов өзү муунуп өлдү дегенге ишенбейм. Ал бул жерде максат коюп, беш күн ачкачылык жарыялап отурду, сегиз баланын атасы, өзү муунуп өлдү дегенге ишенүү кыйын. Көйнөгүнө кантип асынып калсын. Билбейм, мен буга ишене албайм”.

Ал эми бул ишти иликтөө үчүн көз карандысыз комиссия түзүлүп, Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаков, мурдагы саламаатттык сактоо министри, «Элет» партиясынын лидери Накен Касиев Нарынга келишти. Накен Касиевге маркумга жасалган медициналык экспертизага адис катары байкоо жүргүзүү милдеттендирилген. Көз карандысыз топ кандай бүтүм чыгарат – ал убакыттын иши.

XS
SM
MD
LG