Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:53

Иран уран байытуу иштеринен баш тарптайт


Тегеранда Ирандын тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Мохаммад Али Хосейни, анын өлкөсү уран байытуу иштеринен баш тарптайт деп кайталады. Бирок, Ирандын Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Али Ларижани жана Еврошаркеттин жогорку өкүлү Хавьер Солананын сүйлөшүүлөрү Иран менен Батыштын талашын жөнгө салышы ыктымал, деп белгиледи Хосейни. Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши Иранга каршы санкция киргизген эле. Тегеран анын ядролук программасы тынчтык максаттарды гана көздөйт деп ырастап келатат. Бирок, Батыш Иран атомдук куралдын үстүнөн тымызын иштөөдө деп шектенүүдө.

XS
SM
MD
LG