2002-жылдагы Аксы окуясында шейит кеткендердин жакындарын бүгүн баш прокурор Элмурза Сатыбалдиев менен жолуктурууга аракеттер көрүлөөрүн «Азаттыкка» укук коргоочу Азиза Абдрасулова билдирди. Алар бул окуя боюнча тергөөнүн кандай жүрүп жатканы боюнча маалымат алууну көздөөдө. Элмурза Сатыбалдиев баш прокурорлукка дайындалаар алдында парламентте сүйлөгөн сөзүндө Аксы окуясын аягына чыгарууга убада берип, бул иш боюнча атайын тергөө тобу түзүлгөнүн айткан. (SM)
8:29 Аксы окуясынын жабырлануучулары жана айрым укук коргоочулар бүгүн баш прокурор менен жолугушуусу мүмкүн