Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:42

ДОБУШТАРДЫ САТЫП АЛУУ БОЛДУ, БИРОК АРЫЗДАНГАН ЭЧ КИМ ЖОК


Кубанычбек Жолдошов, Ош Отузадыр шайлоо округу боюнча депутаттык орун үчүн күрөштө талапкерлер Осмонаалы Аттокуров жана Раушан Сабировдор шайлоочулардын салыштырмалуу көп добушун алышып, экинчи айлампада ат салышмай болушту. Ал эми жергиликтүү талдоочулар шайлоонун жүрүшүндө добуштарды массалык түрдө сатып алуулар орун алгандыгын айтышса, шайлоо комиссиялары мындай мыйзам бузган фактылар катталбагандыгын белгилешти.

Ош облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Амат Маматоморов талапкерлер Осмонаалы Аттокуров 9325, ал эми Раушан Сабиров 8608 добуш алып шайлоонун экинчи айлампасына чыгышкандыгын билдирди.
Ал эми шайлоонун жүрүшүнө көз салган көз каранды эмес талдоочу Улукбек Максаталиев депутаттыкка талапкерлердин жана шайлоочулардын саясий аң сезиминин өзгөрүлбөгөндүгүнөн улам добуштарды массалык түрдө сатуулар жана сатып алуулар дагы деле болсо орун алгандыгын белгиледи:

- Азыр мен Отузадыр шайлоо округун кыдырып чыктым. Элдердин аң сезими мурунку боюнча калыптыр. Ар кайсы жерде топ-топ болуп, өзүнүн мандатын сатууга коммерциялык жагдайга айлантып алышыптыр. Кайсы жерде болбосун баары ким акча берет деп аңдып турушат,- деди көз каранды эмес байкоочу Улукбек Максаталиев.

Ал эми шайлоочулардын айрымдарынын айтымында, добуштарынын сатылып жатышынын негизги себептери катары кендирди кескен кедейчилик жана жумушсуздуктун күчөп жаткандыгы алардын өздөрүнүн колдорунда калган акыркы мүмкүнчүлүктөрүн, ишенимдерин сатууга аргасыз кылууда.

-Себеби азыр элдер дыйканчылык кылган мезгил. Элде акча жок. Элде иш жок. Аны жакшы билесиңер. - деген оюн билдирди шайлоочу Үрүниса Кабылова.

Ошол эле учурда Отузадыр округдук шайлоо комиссиясынын төрагасы Абдыманап Сатаев болсо, добуштарды сатып алуу жана сатуу көрүнүштөрү байкалганы менен учурда мындай мазмундагы мыйзам бузуулар боюнча тараптардын эч биринен расмий түрдө арыз түшө электигин билдирди.

-Акаевдин мезгилиндеги “ала бергиле, жей бергиле, бирок, татыктуусун шайлагыла” деген психология элге сиңип калган. Азыр кээ бир мезгилде сөз жүзүндө болуп жатат. Эгерде конкреттүү бир фактыны аныктап келишсе, ошого жараша чара колдонсо болот эле, - дейт Отузадыр округдук шайлоо комиссиясынын төрасы Абдыманап Сатаев.

Мезгил-мезгили менен шайлоо участокторунун алдында депутаттыкка талапкерлердин жактоочуларынын ортосунда тирешүүлөр пайда болууда. Учурда шайлоодогу коомдук тартипти камсыз кылуу үчүн Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жүздөн ашуун кызматкери кырдаалды күзөтүүдө.

-Кечээ күнү дагы келгенбиз. Шайлоодогу коомдук тартип жакшы өтсүн деп. Элдин бейпилдиги үчүн. Мурдагы шайлоолордо көп катышып жүргөнбүз. Ошон үчүн өздүк курам өзгөчө даярдык менен коомдук тартип үчүн гана биз эч кандай саясатка аралашпайбыз, - деди Ош облустук ички иштер башкармалыгынын күзөт полкунун командири Анвар Кадыров.

XS
SM
MD
LG