Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:18

ЭСТОНИЯДА СОВЕТТИК ЖООКЕР АЙКЕЛИНИН ТЕГЕРЕГИНДЕГИ ЧЫР ЫРБООДО


Кечээ Эстониянын Тышкы иштер министрлиги өзүнүн Москвадагы дипмиссиясынын алдында бир нече күн бою уланып аткан митингдерге нааразы экендигин билдирип Орусияга атайын нота киргизди. Ал документте элчиликте иштеген кызматкерлердин өмүрү менен саламаттыгы коркунучта турат деп айтылган.Кремлдик бийликти колдоочу «Биздикилер» жана «Жаш гвардия» жаштар кыймылынын жүздөгөн активисттери күнү-түнү эстониялык элчиликтин босогосун тороп пикетте турушат. 30-апрелде Орусиялык Мамдуманын депутаттары Таллинге келип түштү. Алар бийлик менен жолугуп андан соң коло жоокердин айкелин алганга нааразы болуп көчөгө чыгуу уюштуруп аткан тарап менен жолугушмакчы.

Эстониянын президенти Тоомас Хендрик Ильвес кечээ ИНТЕРФАКС агенттиги аркылуу айткан пикиринде Маскөөдөгү элчилигинин алдында түзүлгөн абалды «психологиялык террор» деп баалады.

Саал мурдараакта Орусиялык президент Владимир Путин телефон аркылуу ФРГ канцлери Ангела Меркель менен Таллиндеги жагдайды кеп кылып, боштондукка чыгаруучу жоокердин айкелинин көчүрүлүшүнө абдан кабатыр экенин билдирген.

Жогорку палатанын төрагасы С. Миронов болсо дегеле Эстония менен дипломатиялык алаканы жыйыштырууну сунуштаган. Бирок ага деле карабай советтик коло аскердин эстелигин көчүрүү жумушу башталганда Таллин жана башка калааларда бир нече күн удаа түнката баш аламандык чыкчу болгон.

Кечээ Эстониянын когоо министри Яака Аавиксоо айтканга караганда, «Айкел бир жагынан алганда фашисттик Гемрания менен кармашып атып курман болгондорду, экинчи жагынан ал советтик режимдин басып алуусун эске салат».

Маскөө болсо Таллиндик бийликтин советтик коло аскердин айкел менен анын астындагы сөөктөрдү көрүстөнгө көчүрүшүн сындап Эстонияга экономикалык кысым көргөзүү жолуна түштү.

Маселен, Маскөөнүн мэри берген көрсөтмөдөн улам, ишембиден тартып сатыктардан эстондук быштак, шпрот балгы, момпосуй, айран, жуурат, ичимдиктер дүкөндөрдөн алынып ташталды.

Өз кезегинде эстониялык бийлик өлкөдө көчөгө чыгууларды уюштуруп атат деп Кремлди айыптоодо.
Мына ушундай жагдайда дүйшөмбү күнү Маскөөдөн жоон топ делегация Таллинге аттанышты. Анын башындагы Мамдуманын ветерандар маселеси боюнча комитеттин жетекчиси Николай Ковалев бара жатышынын максатын мындайча чечмеледи:

«Делегациянын алдындагы маселе – коло аскерди коргоп көчөгө чыгып кармалган атуулдарды боштотуу, биз аларга ыраазыбыз!».

Эл аралык коомчулук эстониялык бийликтин аракетин ар кыл кабылдашканы дайын болууда. Маселен, Латвия, Литва жана Польша бийликтери Таллиндин советтик аскерди шаардын четине көчүрүүсүн колдоодо. Евробиримдиктеги таанымал саясий төбөлдөрдүн бири Хавьер Солана да Эстониялык бийликтин аракетин колдоого алган.

Ал эми Белгиянын өйдөкү палатасынын чет элдик маселелер боюнча комиссиясынын төрагасы Франсуа Роелан дю Вивье: «Советтер Союзуна азыр Эстониянын мамилеси кандай болгон күндө да ал эми фашисттер качандыр өзүн басып алып анын аны советтик аскерлер келип бошотконун өзгөртө албайт» деген.

Эстония бийлиги болсо эстеликти болгону көрүстөнгө алып барып коюу болуп атат, мунун артында саясий мүдөө жок деп айтышууда.

«Коло солдат жакшы абалда. Аны аскерий көрүстөнгө алып барып кайра көмүлгөн сөөк үстүнө орнотуу үчүн даярдык болуп атат», - деген кечээ журналисттер алдында Эстониянын коргоо министри Яака Аавиксоо.

XS
SM
MD
LG