Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:27

КЫРГЫЗ ФУТБОЛДУК ЧЕМПИОНАТЫ ҮЗГҮЛТҮК МЕНЕН БАШТАЛДЫ


Кабыл Макеш,Бишкек 21-апрелден баштап Кыргызстандын футболдон 16- чемпионаты башталганы менен оюндар үзгүлтүккө учурай баштады.

Кыргызстандын футбол чемпионатында Жогорку Лигада былтыр 8 команда ойногон. Быйылкы футболдук таймашууга он команда катышып жатканы менен финалга чейин кимдер калышаары али белгисиз. Себеби жылына он, он эки команда оюнду баштаганы менен кендирди кескен каражаттын айынан айрымдары экинчи айлампадан четке чыгып калып жүрүшөт.

Быйылкы 16-чемпионаттын дагы бир өзгөчөлүгү, Жогорку Лигада ойноп жаткан командалардын катарында Өзбекстандан 27 жалданма футболчу ойноп жатышат. Ошондой эле айрым командалардын катарында ойноо үчүн Франция, Украина, Кытай, Гана жана Гвинея өлкөлөрүнүн атуулдары да өз өлкөлөрүнүн футбол федерацияларынын уруксат- макулдук кагазын күтүп жатышат.

Кыргызстандын эки жолку чемпиону, Азия футбол федерациясынын президентинин кубогунун жеңүүчүсү Нарындын “Дордой” командасынын катарында Африка континентиндеги Гана өлкөсүнүн 22 жаштагы атуулу Девид Брюс Тетех келишимдин негизинде ойной баштады.

Нарындын «Дордой» командасы былтыр өлкөнүн чемпиондук наамын экинчи ирет сактап калган, “быйыл дагы баш байгени колдон чыгарбоого аракет кылабыз”,- дейт команданын жетекчиси Рысбек Мааткабылов.

Былтыртан баштап Жогорку Лигада ат салыша баштаган Бишкектин “Шер” командасынын катарында Африканын Гвинея өлкөсүнүн футболчусу Матью Лама жана украиналык Володимир Яглинский машыгып, ойногону турат. Себеби алар өз өлкөлөрүнүн мыкты командаларынын катарына кабыл алынып ойной алышпагандыктан Кыргызстанга келип жалданып ойноого аргасыз болушкан.

Ошондой эле Кант шаарынын ФШМ командасын Франциялык футбол адиси Мохамед Шуаши машыктыруу менен ушул команданын катарында өзү да ойноп жүрөт.

Алгачкы беттешүүлөрдүн деңгээли тууралуу жаштар командаларынын машыктыруучусу Ниязбек Алиев мындай деди:

- Быйылкы чемпионат башталбай жатып деңгээли төмөн болчудай. Жыл башында эле ойлогон иш- аракеттер аткарылган жок. Мурдакыдай эле Жогорку Лигада Ош, Чүй жана Нарын областтарынын гана футболчулары ойноп, Талас, Ысыккөл, Жалалабат, Баткен аймактарынан бир да команда мөрөй талашууга катышкан жок.

Жылдан жылга Кыргызстанда футболдук чеберчилик төмөндөп баратканын, бул спортко өкмөттүк деңгээлде камкордук керектигин, өлкөнүн футбол федерациясы демилгелүү иштебей, футбол клубдарына салкын мамиле кылып келатканын футбол ардагери Таалай Куттубаев белгиледи.

Быйылкы чемпионаттын алгачкы оюндардын деңгээли начар болгонун өлкөнүн футбол федерациясынын Жогорку Лигадагы мелдештерди уюштуруу бөлүмүнүн адиси Дастан Конокбаев моюнга алып, футбол клубдары чет жерден келип жалданма футболчулар катары ойноп жатышкандар өз өлкөлөрүнөн урусаат кагазын учурунда алышпаганын билдирди.

Натыйжада үч оюндан кийин Бишкектин “Авиатор” командасы катары менен үч беттешүүнү утуп 9 упай менен биинчи катарга чыкты. Учурда Кант шаарынын “Абдышата” командасы эки оюнда утуп, бир тең чыгуу менен экинчи орунда.
Үчүнчү катарда өлкөнүн эки жолку чемпиону Нарындын “Дордой-Динамо” командасы. Алар эки оюн гана өткөрүп, үчүнчү беттешүү футбол федерациясынын күнөөсү боюнча болбой калды. Себеби футбол федерациясы Өзбекстандан Кыргызстанга келип келишим менен ойноп жаткан футболчуларды учурунда каттого алып, уруксаат кагазын колуна берген эмес. Төртүнчү орунда Карасуу районунун “Жаштык-акалтын” командасы келатат. Алардын азырынча 6 упайы бар.
XS
SM
MD
LG