Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:38

13:20 Балдар тарткан сүрөттөр киши ташуучу беш жүз кичи автоууналарда чапталат


Балдардын укугун коргоо боюнча коммерциялык эмес уюмдар түйүнүнөн маалымдашкандай, социалдык жактан коргоого муктаж, көчө жана майып балдар арасында сүрөттөр сынагы өткөрүлгөн. Жыйынтыгында он алты сүрөт тандалып алынган. Бул сүрөттөр эми Бишкек шаарындагы киши ташуучу кичи автоууналарда чапталып жатат. “Биздин башкы максат - болушунча коомчулукка балдар көйгөйүн жеткирүү”- деп билдирет аталган түйүндөн Наталья Мирошниченко. Бул акция 1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата уюштурулуп, бүгүн-эртең Балыкчы, Каракол шаарларында да өткөрүлмөкчү.(ElenK)

XS
SM
MD
LG