Жаштар өткөргөн тегерек столдо жаштар уюмдарынын бирикмесин түзүү жөнүндө маселе талкууланды. Жаштар уюмдарынын өкүлдөрү эгер мындай бирикме түзүлүп калса, анын структурасы, функциялары кандай болоорун сүйлөшүштү. Жыйынтыгында, баштапкы этап үчүн ай сайын чогулуп, ишти бир нукта жүргүзүү үчүн ар бир уюм алдыга койгон пландарын ортого салып турмай болду. Тегерек стол Жалалабаддагы БУУнун Ыктыярчылар программасынын Жаштык долбоорунун аймактык тобунун демилгесинде өттү. (ElenK)