Буш белгилүү уйгур активисти Ребия Кадир менен эки күн мурда Прагада демократия жана коопсуздук маселелерине арналган конференция учурунда кездешкен. Ребия Кадир Америкалык Когресстин 90-жылдары Шинжаңга барган делегациясына "мамлекеттик сырды" айтты деген жүйөө менен алты жыл түрмөдө отурган эле. Укук коргоочулар Кытай өкмөтүн уйгурларга каршы репрессия жасаганы үчүн айыптап жүрөт.
Кытай АКШ президентин сүрүгүндөгү уйгур активисттеринин бири менен жолукканы үчүн сынга алды