Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:11

Ооган президенти НАТО менен АКШнын карапайым адамдардын өлүмүнө алып келген аскердик операцияларын айыптады


Ооган президенти Хамид Карзай НАТО жана АКШ жетектеген эларалык күчтөрдүн карапайым адамдардын өлүмүнө алып келген туш келди жана так эмес операцияларын айыптады. Эркин Европа/Азаттык радиосунун Ооганстандагы кабарчысы билдиргенине караганда, Карзай бейкүнөө адамдардын өлүмүнө себепкер болгон андай аскерий операцияларга мындан ары үн чыкпай карап отурбайбыз деди.
21-июнда Хелманд провинциясында НАТОнун аба соккусунан 25 жергиликтүү тургун ажал тапкан.
Уюмдун баш катчысы Яап де Хооп Схеффер карапайым адамдардын өлүмүн өкүнүчтүү жана кайгылуу кырсык деп атады. Бул аралыкта НАТОнун аскерлери кечээ кечинде 80 чакты шектүү согушкерди жок кылышканы маалымдалууда. Альянстын басма сөз катчысы Азаттыкка билдиргендей, бүгүн эртең менен Газни чөлкөмүндө 20га жакын талип согушкери туткунга алынды.

XS
SM
MD
LG