Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:07

16:14 Аксы окуясына байланыштуу сот жообуна тартылган алты мамлекеттик кызматкердин жактоочулары нааразылык акциясына чыгышат


Бул тууралуу бүгүн «Азаттыкка» Жалалабад облусунун экс-прокурору Зоотбек Кудайбергенов билдирди. Ал Жогорку Сот адилетсиз чечим чыгаруу аркылуу Кыргызстанда сот көз каранды экендигин далилдеди деп билдирди. Кудайбергеновдун айтымында, Аксы окуясынын учурунда иштеген мамлекеттик алты кызматкердин жактоочулары жер-жерлерде нааразылык акциясын өткөрүүгө камданып жатышат. Аксы окуясы боюнча жоопко тартылышкан мамлекеттик алты кызматкерди Жогорку Сот 2004-жылы актаган. Башкы прокуратуранын арызынын негизинде Жогорку Сот бүгүн өзүнүн эки жыл мурдагы токтомун жокко чыгарды. (BuS)

 

XS
SM
MD
LG