Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:16

Исламабадда Кызыл мечитти бошотуу чаралары көрүлүүдө


Мечитти ээлеп алган радикал исламчылардын башчысы менен бийлик өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү натыйжасыз аяктаган соң Пакистан коопсуздук күчтөрү бүгүн эртең менен аларга каршы чабуул башташкан. Андан өкмөттүк аскерлердин экөөсү ажал таап, сегизи жаракат алды. Согушкерлер тараптан канча жоготуу болгону туурасында маалымат жок. Ошондой эле аскерий өкүлдөр чабуул учурунда барымтада кармалып турган жаш балдардын 20 чактысы бошотулганын билдиришти. Буга чейин өкмөт өкүлдөрү мечиттегилер өз ыктыяры менен колго түшүп бербесе, жок кылынаарын эскертишкен. Бир жумадан бери уланып келген тирешүү учурундагы атышуулардан кеминде 24 адам өлгөнү кабарланууда.

XS
SM
MD
LG