Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:31

ЫҢГАЙСЫЗ СУРООЛОР: КЫРГЫЗСТАНДА АДАМ УКУКТАРЫ ТЕПСЕЛИП ЖАТАБЫ?


«Азаттык» үналгысы менен Кыргыз Улуттук телерадиокомпания биргелешип уюштурган «Ыңгайсыз суроолор» телеберүүсүнүн кезектеги чыгарылышында өлкөдө адам укуктарынын абалы, бейөкмөт уюмдардын ишмердиги, алардын мамлекет менен болгон алака-катышындагы талаштуу маселелер талкууланды. Көрсөтүүгө “Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова, “Кылым шамы” уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулова жана Президент алдындагы адам укуктары боюнча комиссиясынын жетекчиси Турсунбек Акун катышты.

- К.О.:Сөздү сизден баштасак Төлөйкан айым. Сиздер ушул учурда өлкөдөгү адам укуктарынын абалына тынчсызданып, бир миллион кол топтоо акциясын баштадыңыздар. Мунун максаты эмнеде, дегеле өлкөдөгү адам укуктарынын абалы кандай?

Т.И.: – Кыргызстандыктар белгилегендей, акыркы жылдары адам укуктарынын жана эркиндиктеринин форматынан кетип турган өкмөт болуп атат. Экинчиден, Кыргызстандын улуттук өнүгүү боюнча стратегиясы бар 2010-жылга чейин. Ошон үчүн биз ойлойбуз, бир миллион кол топтоо бул жөн гана сиволикалык акт эмес, бул үнсүз жакырчылык жана коррупциянын астында калган адамдардын тагдырларын карап көрүү. Биз айтып атабыз, алар дагы Конституциянын ченеминде тең укуктуу. Ошон үчүн 2010-жылда биз жакшы бир жетишкендиктерге ээ болуп, жарандык саясий укуктарыбызды тактап жана экономикалык жактан саясий жана экологиялык коопсуздук форматында өнүгүү жолуна өтөбүз деген жакшы тилек бар. Бир миллион кол топтоо менен бир миллион сомду чогултабыз. Ошондо 2008-жылы он мамлекеттик эмес уюмга, үйсүз, жакыр адамдарга, көчөдө калган энелерге, же болбосо таштандыда жаткан балдарга жардам беребиз.

К.О.: – Азиза айым, сиз айтсаңыз, бизде мына соңку убакта дегеле бийлик тарабынан адам укуктарынын абалына карата мамилеси кандай болуп атат? 24-марттан кийин абал жакшырдыбы, же жакшырган жокпу?

А.А.: – Албетте, биз жакшы жактарын да белгилеп кетишибиз керек. Биздин Кыргызстанда өлүм жазасын алып салуу, мыйзамдарды ыймандаштыруу деген жакшы жактарыбыз бар. Бирок ошону менен катар бүгүнкү күндө адам укуктарынын артка чегинген фактылар болуп атат. Мен ошол чегинген фактылар катары апрель айындагы митингдин катышуучуларына карата жасалган мамиле, Кеминдеги шайлоочулардын укуктарынын чектелиши жана Талас облусундагы “Жерүй” алтын кенинин айланасындагы мамилелер боюнча жүздөгөн жарандарга кылмыш иши козголуп атат. Мен бул жерде эки нерсени белгилеп кетким келет. Биринчиден, эгерде жарандар тынч пикет, митингдерге чыкса, ошол пикет митингдерди тынч маанайын жоготуп коюу коркунучунан алдын ала сактоо, ошонун катышуучуларынын коопсуздугун жана ошол жердеги коомдук тартипти орнотуу бул мамлекеттин түздөн-түз милдети. Экинчи жагынан, тынч маанайдагы пикет, митингдердин катышуучуларын эч убакта мамлекеттеги өтө коркунучтуу кылмышкерге айланткан 233-берене. (Бул массалык башаламандыкты уюштурган жана катышкан деген). 340-341-беренелер болсо бул мамлекеттик кызматкердин өмүрүнө коркунуч келтирген деген 20 жылдан жогору карай эски УПК менен өлүм жазасын караган, ал эми жаңы УПК боюнча бул өмүр бою эркинен ажыратууну караган беренелер. Ушул жерде бул коркунучтуу болуп атат.

К.О.: Бул эми дароо коркунучтуу нерсе катары белгилеп жүрөсүздөр. Адилет Айтикеевдин тагдыры эмне болуп атат. Саясий баш баанек сурады дегендей сөздөр, маалыматтар болду эле?

А.А.: – Албетте, Адилет Айтикеев бул жаш жигит, болгону 20 жашка чыккан. Ал өзүнүн жарандык көз карашын билдирүү максаты менен Конституциялык реформаны колдоо максаты менен пикетке чыккан. Ошол митингдин тынч катышуучусун мамлекеттик өтө коркунучтуу кылмышкерге айланткан берене коюлгандыгынан, бул жигит менимче чет мамлекеттен баш баанек сураганга мажбур болуп атат. Мен бул жерден дагы белгилеп койгум келет: Тилекке каршы, Адилет Айтикеев биринчи жана акыркы болбой калышы мүмкүн чет мамлекеттерден баш баанек сураган. Ошол эле таластыктардан, кеминдиктерден жана Ысыката, Бишкектен митингдин катышуучуларынын арасынан бүгүнкү күндө чет мамлекеттен баш баанек сурайбыз деп даяр болуп турган башка да адамдар бар.

К.О.:Урматтуу Турсунбек Акун, Сиз бул жерде бийликтин өкүлү катары катышып атасыз. Айтсаңыз, мурда 24-мартка чейин митинг, пикетке чыккандарга карата мындай оор беренелер коюлчу эмес. Өзүңүз пикет, митингдин алдында жүргөн адамдардан элеңиз. Аскар Акаевдин убагы менен азыркы учурду салыштырсаңыз, жагдай эмне үчүн мындай оорлоп атат?

Т.А.: – Эми жаңы мамлекет болуп революция келгенден кийин эле бардыгы ойлогондой боло бербейт экен. Тилекке каршы, бөрк ал десе баш алып ийгендер Акүйдө да, Баш прокуратурада да, МВДда, СНБда да көп. Ошон үчүн жанагыдай Азиза айым айткан беренелер коюлуп атат. Мен дагы укук коргоочу катары, президенттин алдында адам укугу боюнча комиссиянын төрагасы катары мен буга каршымын. Өзүмдүн ачык пикиримди билдирдим. Буларга административдик гана кылмыш жообуна тартылуу беренелер колдонуш керек.

К.О.:“Жерүй” алтын кенге байланыштуу премьер-министр Алмаз Атамбаев Таласка барганда машинасына таш ыргытты деп бир топ адамдар массалык түрдө камакка алынып чыкты. Бул бир чети караганда бийликтеги экинчи адамдын өмүрүнө коркунуч туулуп атат. Экинчи жагынан алганда, бул ошол эле убакта туура эмес деген пикирлер бар. Сиздин пикириңиз кандай ушул боюнча?

Т.А.: – Менин пикирим мындай, биринчиден таш бараң кайдан келип чыкты? Таластыктар эмне үчүн көтөрүлүп чыкты, ошону караш керек. Ошол Акаевдин убагында, андан кийин Бакиевдин убагында ошол мурдагы бийликтегилер элдин башын аттап коюшкан. Ошол эле “апче” деп алышып, таластыктардын пикирин “Жерүй” боюнча сурап да койгон эмес да. Бийлик өздөрүнүн билгенин кылган. Андан кийин Кулов келди дагы “Оксус голддон” “Глобал фондго” өткөрүп салды эч негизсиз түрдө. Ал эмне үчүн алды, эч кимге белгисиз. Элди сурабай койду да, элди ошого жеткирип койду. Бирок элдин да туура эмес кылган жактары бар. Мына укук коргоочулар турат, аларга алдын ала барып мен эскерттим: “мен автомат менен келбейм, эгер мени укпасаңар автомат менен келишет, башка болот. Силер дагы Кудайды карагыла, катуу кетпегиле, мамлекет, өкмөт деген бар, мамлекет, президент, парламент чечсин, ошолорду эл делегировать эткен, ал эми ушул жерден миң-эки миң адам чыгып мындай кылсаңар туура эмес” деп айткам. Бирок аны эл уккан жок. Ташбараң болду деп айтам. Кандай кылган күндө дагы элди ошого жеткирип койгон, бийлик күнөөлүү болгондуктан аны кечип коюш керек. Андан тышкары аларды кылмыш иши боюнча сот жообуна тартканга мен каршымын.

К.О.:Төлөйкан айым, сиз кандай пикирдесиз “Жерүй” боюнча, Адилет Айтикеевдин тагдыры боюнча?

Т.И.: – Биз эмне үчүн бир миллион адамдарды бүгүнкү күндө бийликтин чечүүчү процесстерине катыштыралы деп атабыз. Анткени биринчиден, бийликти укуктук жана эркиндик конституциялык форматка киргизүү жана келечекте Кыргызстандын өнүгүүсүнө жол ачуу керек. Ошондо да өнүгүү процессин караганда адам укугу жана эркиндиги болуп эсептелет. 230, 343, 341 – беренелер бул ташбараң оорусу болуп калды бийлик үчүн. Анткени аябай жеңил экен, ташбараң кылды деп эле адамдарды тооктордой кылып ГКНБ жана Баш прокуратура аркылуу подвалдарга киргизип койгон.

Ошон үчүн биз Азиза айым болуп Адилет Айтикеевди жана башкаларды коргоп чыкканбыз жана коргойбуз мындан ары дагы. Экинчи жагынан, ошол саясий туткун катары чет мамлекеттерге кетпегендей кылып бийликти дагы бүгүнкү күндө мыйзамдык жолго отургузуу процесси болуп атат. Үчүнчү жагынан, ГКНБ жана Баш прокуратурада эч кандай реформа болгон эмес. Баш прокуратура дайыма мамлекеттик айыптоочу болуп келген ар бир сотто жана адамдардын кылмыш иштерине туура эмес мыйзамсыз дагы киришип калышат. Ал көзөмөлдөөчү орган болуш керек. ГКНБ болсо чекист Дзержинскийдин мектебинен чыккан бойдон эч кандай реформа болгон эмес. Эгерде милиция бүгүнкү күндө реформа болуп, эл аралык деңгээлде адам укук статусуна ээ болуп атса, ушул эки институт дагы конституциялык реформа аркылуу жана президент чыныгы гарант болуш керек чынгы шайлоо менен келгенден кийин. Ошон үчүн адамдардын укугу бүгүнкү күндө тепселип жатат. Бийлик аябай үйрөнүп алды, ташбараң оорусу менен ооруп. Институттар, милиция дагы, чекисттер дагы бийликтин колунда ошон үчүн адамдарды бүгүнкү күнү тепсендиге алып атат.

Т.А.: – Мен ойлом, булардын койгон талаптары туура. Бирок чет мамлекеттен баш баанек сураган боюнча биз Азиза, Төлөйкан эжекелерибиз менен байланышып турабыз. Тыгыз байланыш болгондуктан ошол адамдар менен мен жолугуу мүмкүнчүлүгүн алдым башка өлкөгө кетебиз дегендин алдында. Биз биргелешип иштешип, кетишин токтотуп койдук. Мен айттым өзүм кепилдик кылам деп.

К.О.: – Адилет Айтикеевди айтып атасызбы?

Т.А.: – Жок, башка баш баанек сурагандар. Ошол адамдар менен сүйлөшүп туруп токтоттук. Алар азыр убактылуу токтоп турат. Мен Акүйдөгү чиновниктерге, Медет Садыркуловго маселени койдум, премьерге ушул жуманын ичинде койгон атам. Буларды Бакиев башкарып турган убакта качырып ийсек анда мамлекет уятка калабыз.

А.А.: – Ушул боюнча айткым келет. Убактылуу токтоткон деген бул убактылуу болуп атат. Бирок кылмыш иши, сурак жүрүп атат. Анан Талас маселеси боюнча бир нерсеге биз көңүл бөлүшүбүз керек. Ошол таластыктар эмнени сураган? Болгону үч информация сураган. Ал конституциялык укугу болчу. Биринчи, ТЭО деген техничеко-экономикалык негиздөөнү, экинчиси - компания менен биздин өкмөттүн ортосундагы келишимди, үчүнчүсү-экологиялык экспертизаны сураган. Үч документтин бирөөсүн дагы элге бербей туруп, элге спецназды алып барган. Ошол сураган документтин бирөөсүн берип, элге канчалык пайдасы бар экенин билдирип койсо, балким эл анчалык ыза болмок эмес. Анан бир дагы документти колуна бербей туруп, спецназды алып барып алып, силер чечпейсиңер, биз чечебиз, правительство деген бар, силер кааласаңар Таласта жашагыла, каалабасаңар көчүп кеткиле дегендин өзү бул элди басмырлагандык, элди ошол кадамга барганга түртүп коюп атат.

К.О.:Мындай бир кайчы пикирлер болуп келатат. Кыргызстандын ички ишине бейөкмөт уюмдар аркылуу башка мамлекеттер кийлигишип атат дегендер бар. Анткени бейөкмөт уюмдар четтен каржыланышат, четтен грант алышат, булар айрым учурда Кыргызстандын кызыкчылыгынан өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын көбүрөөк өйдө коюшат деген ой-пикирлер бар. Ошол чекти кантип аныкташ керек? Бул балким бир мыйзам менен аныкталаттыр?

А.А.: – Бул чек аныкталган, бизде мыйзамдар бар. Ар бир өкмөттүк эмес уюмдун уставы бар. Уставда өзүнүн миссиясы, иш аракеттери анык көрсөтүлгөн. Ошол жерде уставдан сырткары Кыргызстандын мыйзамынан сырткары иш аракеттер болсо, албетте, укуктук жоопкерчилик дагы каралган. Бул биринчи айтайын дегеним. Экинчи айтайын дегеним, өнүккөн мамлекеттерде социалдык заказ деп өнүккөн мамлекеттер бейөкмөт уюмдар менен түздөн-түз келишимдерди түзүп, өзүлөрүнүн колунан келбеген, же болбосо өзүлөрү аткара албаган иштерди бейөкмөт уюмдарга берген. Грант түрүндө акчаларды бөлүп берип, ошолор менен шериктеш иштерди жасайт. Андай кылууга биздин өкмөттүн кудурети жетпейт. Биздин өкмөтүбүз Кыргызстан өзү чет мамлекеттен эбегейсиз чоң акчаларды алып грант, кредит түрүндө өзүлөрү карызда жашап атышат. Биздин мамлекеттин алган акчасына салыштырмалуу бейөкмөт уюмдардын алган акчалары, гранттары өтө эле аз. Аз болгон күндө дагы ачык, айкын, ар бир тыйыныбызга чейин эсептелүү. Бизди салык полициясы каалаган убагында келип текшерсе болот. Ошол эле убакта бизди Байкоочулар Кеңеши, ревизиондук комиссиялар да текшерип турушат. Ошондуктан мен ойлойм, эгер биздин мамлекетибиз өкмөттүк эмес уюмдардан акчаны кандай кылып үнөмдөп, сарптап, ошону керектүү жакка жумшашты үйрөнсө, мамлекет мынчалык карызга батмак эмес. Ал эми бейөкмөт уюмдар ар бир алган тыйыныбыз үчүн донорлордун алдында дагы, салык кызматтарынын алдында дагы жооп беребиз.

К.О.:Саясий, моралдык жактан алганда, мисалы, өкмөт кандай эле жоопкер болуп атса, бейөкмөт уюмдар да ошондой эле деңгээлде эл алдында дагы жоопкер болуш керек деген пикирлер бар, Трусунбек мырза, сиздин пикир?

Т.А.: – Менин пикирим, азыр жети миңден ашуун мамлекеттик эмес уюмдар бар. Ошолордун бардыгы Кыргызстан үчүн аябай чоң иштерди жасап атат. Эгерде мамлекеттик эмес уюмдар болбогондо, мен дагы ошол уюмдун мурдагы өкүлүмүн, Кыргызстанда демократия, адам укугунун деңгээли ушунча бийиктикке жетпейт эле. Алар өкмөттөн дагы көп жумушту жасап атат. Бирок тилекке каршы мен ачык айтып коёюн, фамилияларын айтсам болот, анткени мен ачык беттерине айткам, көп мамлекеттик эмес уюмдар, айрыкча, укук коргоочумун дегендер башка өлкөлөрдөн акча алышат. Лондондон, Америкадан, Евросоюздагы донорлордон 200-300 миң долларга чейин. Ошол эле лидерлер, ошол эле эжекелерибиз келип алып оппозициянын пикеттерине катышат да, “Бакиев кетсин!” деп айтып атат. Мен калп айтпайын, өзүнө дагы айттым: “Адилет клиникасында” Чолпон Жакупова деген эжекебиз бар. Алар саясий процессте “Бакиев кетсин” деп атабы, демек, акча берген мамлекет Кыргызстандын ичине кийлигишип атат.

Т. И.: – “Реформа үчүн” деген кыймылдын мүчөлөрү кандай иштейт, бул алардын өзүлөрүнүн укугу. Бирок эң негизгиси, Азиза айткандай, юстиция министерлигинин алдында уставдарыбыз бар, кандайча иштейбиз деген өзүбүздүн багыттарыбыз бар. Эгерде ошондой эле мыйзамды бузуп атса, башка инструменттер бар. Бирок сөзсүз түрдө чыккынчы, агент, шпион кылган бул адилетсиздик, өлкөнүн мыйзамсыз саясаты.

А.А. :– Адам укугун коргоо комиссиясынын төрагасы болуп турган убакта да, же “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун төрагасы болгон убакта дагы биз баарыбыз атуул, жаран катары да калабыз. Ошол эле Чолпон Жакупова “Адилет” клиникасын башкарган убакта дагы, ал өзүнчө жаран. Анын жарандык позициясы, өзүнүн пикири да болушу мүмкүн. Ал эми ("Реформа үчүн") кыймылдарга “Адилет” уюму кирген деп эч жерден окуган эмесмин. Чолпон Жакупова инсан катары кирип өзүнүн пикирин айтканга толук акысы бар. Ал эми Турсунбек мырза, эгерде Чолпон Жакупова кааласа, сиз менен соттошушу мүмкүн, анда Турсунбек мырза, сот аркылуу Чолпон Жакупова сырттан алып келген акчаларды пикет, митингдерге жумшап атканын далилдеп бергенге милдеттүү болуп калат. Ошон үчүн ар бир сөздү айтаардан мурун ойлонуп сүйлөш керек. Мисалы Турсунбек Акундун айткан сөзүн бул президенттик администрация жасап атат, ушуга алар акча жумшап атат, деп айта албайбыз да.

К.О.:Апрель митингинде чоң массалык укук бузуулар болду дейт. Ошондон бери айымдар бозүйлөрүн ала албай жүргөндөр бар экен. Боз үй бул жакта эле калсын, адамдын тагдыры тебеленип жаткан жокпу?

Т.А.: – Биринчиден, укук бузуулар болгонго чейин оппозициянын иш аракеттеринде кандай аракет болду. Мисалы, ноябрь айындагы өткөн митингде Шерниязов, Текебаевдер өрнөк болду. Демократиянын туу чокусуна жетти. Апрель айындагы өтө ыплас митингдердин бири болду. Таш ыргытканга чейин барбаш керек эле да. Миңдеген адамдарды көчөгө чыгарабы, аларды көзөмөлдөш керек да. “Аларды түштүктөн алып келди, Бакиев өзү уюштурду” деп бир жактуу бийликке күнөө такпаш керек да, туурабы. Ал эми экинчи жагы, албетте 19да укук бузууларга жол берилди. Мен ойлойм, ал күн Кыргызстан үчүн кара кийген күндөрдүн бири. Анткени, бийлик тарабынан күч колдонду, камалды, кылмыш иш козголду. Субаналиевди, Өмүрбек Абдрахмановдорду туура эмес камады деп ойлойм. Аларга административдик иш гана козгош керек эле. Алар да демократиячыл чыккан жигиттер.

Т.И.: – Бул жерде Турсунбек Акундун айткан нерсесине биз кошула албайбыз. Анткени апрелдеги митингден кийин репрессиялар аябай күчөдү жана ташбараң деген нерсе ошол митингдерден башталды деп ички иштер министри айтты. Бирок хулиганство боюнча эч кимди таба алган жок. Ошол активисттерди, укук коргоочуларды бүгүнкү күндө чекисттер СИЗОдо кармап жана сыртка да чыгып кетип атышат. Экинчи жагынан Турсунбек Акунга макул болуп айткыбыз келет. Анткени оппозиция дагы, бийлик дагы жоопкерчилик статусун жоготуп койду. Ошондой митингдерди жасаган күнү дагы саясий тазалык болуш керек, канча акча кетти, кайсы булактардан келди жана ар бир адам үчүн оппозиция жоопкерчилик болуш керек. Экинчи жагынан бийлик репрессия жасабаш керек болчу. 19-апрелде биз көрдүк, милиция иштеди. Бирок ошол моменттен баштап репрессияны токтотуш керек болчу жана бүгүнкү күндө оппозиция тең укуктуу оппонент болуш керек бийликке. Бийлик ошого макул болуш керек. Жыпаргүл Арыкова парламентте эгерде шпион болуп атса, бүт парламент жана бийлик кетиш керек. Анткени, бул публичный институт, ал жерде эч кандай секретный информация болбойт жана ал секретный завод эмес бир нерсе чыгарчу. Ошон үчүн биз ойлойбуз Жыпаргүл Арыкованы мыйзамсыз коркутуу ташбараңдын уландысы.

Т.А.: –Пресс-службада кандайдыр бир мамлекеттик жашыруун сыр болоруна ишенбейм. Аны кармоо биздин СНБнын саясаты болсо керек. Бул кыргызга аброй алып келбейт, тем более ШОСтун алдында. Бул мамлекетте СНБ иштеп атат деген бир түр көрсөтөйүн дейт.

А.А.: – ШОСтун алдында аябай күчөп атат, анткени уйгур жарандардын 9-отдел бүгүнкү күндө укуктарын бузуп атат. Жыпаргүл Арыкованын окуясы өтө коркунучтуу прецедент болуп калышы мүмкүн. Мунун уландысы кийин барып туруп эле грант менен иштеген бейөкмөт уюмдарга, журналисттерге, саясий партиянын мүчөлөрүнө барып такалышы мүмкүн. Ошондуктан бул орусча айтканда “проба на вшивость” деп коёт. Биздин реакциябыз кандай болот деген чалгындоо болуп аткан болушу да мүмкүн. Мен билгенден Жыпаргүл Арыкова аябай жакшы журналист катары белгилүү экен. Ошол эле убакта жалгыз бой экен, апасы өтө катуу оорукчан жана колунда жаш баласы бар катардагы эле кыргыздын кызы.

Т.И. :– Бул эркек саясат, анткени парламентте, күч структураларда бир дагы аял жок. Эмне үчүн ГКНБны аял башкара албайт, мисалы, ошол эле Жакупова. Эмне үчүн Коргоо министрлигин аял башкара албайт? Башка мамлекеттердей эле биз бүгүн толук жакшы башкаруу саясатын алып келгенге даярбыз. Эмне үчүн ушундай эркек, зөөкүр саясат болуп атат? Алакачуудан баштап бүгүнкү күндө аялдарды шпион кылып атат. Бул жаман эркектердин жана коррупцияга малынган эркектердин саясаты болуп атат.

А.А.: – Бул жерде бир нерсени кошумчалап кетким келет. Баягы матрешка жаңжалында дароо эле парламент өзүнүн комиссиясын түзүп, иликтеп чыккан болчу. Ошондой эле депутаттарга тиешелүү жаңжал болуп кала турган болсо дароо эле депутаттык комиссия эки күндө эле чыгарышат. Ал эми бир байкуш кыз экен жалгыз бой, ошол шпионаж менен кылмыш жообуна тартылып атат. Эмне себептен парламент бүгүнкү күнгө чейин бир ооз сөз айтпастан эс алганы таркап кетип калганы менин чындап кыжырдануумду жаратат. Эгерде парламентте жок деген бир аял болгондо ушул маселени көтөрмөк.

Т.А.: – Мен эркек катары эмес, мамлекеттик кызматкер катары айтаарым, бул жерде эркектер болуп калды деген саясат деп айтпаш керек. Жыпаргүл Арыкова боюнча мен ойлойм, СНБнын кетирген эле кемчилиги, “бөрк ал десе, баш алган эле саясат жүрүп атат. Бул профессионализмдин жоктугу.

Т.И.: – Биз мырза Акунга жаздык ходатайствону, ошол СИЗО ГКНБга алып барып Жыпаргүл менен да көрүштүргүлө, анткени кылмыш ишине адвокатты киргизбей атат деп жазганбыз.

Т.А. – Аракеттерди көрүп атабыз. Бирок парламентте аялдардын болбогону өтө чатак иш.

Т. И.: Эми бул радикалдуу андай суроолор болгону, Конституциялык реформа болбой көп жолу өкмөт жана президент элди алдап койду да. Ошон үчүн баарына тоскоол болуп жатат да бүгүнкү күндө. Ошон үчүн коррупция өсүп жатат. Ошондуктан жакыр болуп калган адамдар көбөйүп жатат жана аялдар эң биринчи жем болуп жатат спецслужбага жана мамлекеттик эркектик саясатка.

А. А.: Ошол эле Чолпон Жакупова жөнүндө. Бул “Адилет” клиникасы качкындар менен иштеген. Былтыркы Кыргызстан өзбек качкындарынан бешөөнү берип салды. Чолпон Жакупованын клиникасы бул Жогорку сотко чейин мыйзамдуу чындыкты таба албай койду. Мына биз бүт дүйнөгө шерменде болдук. Ошол Чолпон Жакупованын айткан сөзүн уккан болгондо Кыргызстан анчалык шерменде болуп, өзбек качкындарын берип салбайт болчу. Бул деген клиника биздин жарандар үчүн, бизге келген качкындар үчүн аябай жакшы иштеп жаткан клиника. Ал эми Чолпон Жакупованын адам катары кетсин дегени балким биз ошол өзүбүз кол койгон эл аралык келишимдерди аткара албай жатабыз. Адамдын укугун коргоп жатат.

К. О.: Рахмат сиздерге.

Талкууну уюштурган Кубат Оторбаев

XS
SM
MD
LG