Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:48

12:13 А.Ивановдун жесири АКШнын Кыргызстандагы элчисине жооп кат жолдоду


Америкалык аскердин колунан каза тапкан А. Ивановдун жесири Марина Иванова элчи М.Йовановичке 11-июлда жолдогон катта АКШ тарап анын күйөөсүн өлтүргөн аскерди кыргыз бийлигине эч качан өткөрүп бербестигине көзү жетип турганын айтат.
Ошндой эле ал АКШнын демократиялык принциптеринен көңүлү калганын айтып, америкалыктардын аскерий аба базасы Кыргызстандын аймагынан тез арада чыгып кетет деген үмүтүн билдирди. «Америкалык аскерий базаны Кыргызстан аймагынан чыгаруу» кыймылынын лидери Александр Типеров бул катка М.Иванова жооп ала электигин айтты. Ал эми АКШнын Кыргызстандагы элчилиги ушундай мазмундагы кат келгенин ырастап, бирок элчи айым эс алууга кеткендигине байланыштуу, бул кат менен тааныша элек болушу мүмкүндүгүн билдирди.

2006-жылы 6-декабрда америкалык Закари Хэтфилд аттуу аскер кыргызстандык Александр Ивановду кызматтык тапанчасы менен атып салган. Кыргызстандын атайын кызматтары аны күнөөлүү деп тапканы менен учурда бул аскер өлкөдөн чыгарылып кеткендигине байланыштуу кылмыш иши токтотулган. (MSu)

XS
SM
MD
LG