Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:22

ИРАНДА КӨРСӨТҮЛГӨН ДАРЕКТҮҮ ТАСМА КООМДО ТАЛАШ-ТАРТЫШ ЖАРАТТЫ


Нарын АЙЫП, Прага Өткөн аптада Иран мамлекеттик сыналгысы - АКШ тарабынан Иранда тымызын 'жибек төңкөрүш' даярдалып жатканы жөнүндөгү программа көрсөттү. Анын ичиндеги интервьюларда теги ирандык, бирок америкалык жарандыгы бар окумуштуулар - алар атайын маалымат чогултуп, Иран элин андай төңкөрүшкө даярдаганын моюнга алган.

Эки бөлүктөн турган "Демократиянын урматы үчүн" деп аталган даректүү тасма 18- жана 19-июлда көрсөтүлдү. Ага бир нече адам менен жазылып алынган интервью кошулган, алардын экөө - АКШдагы Вудро Вильсон институтунда иштеген профессор Хале Эсфандиари жана Сорос фондунун Нью-Йорк шаарындагы Ачык коом институту үчүн эмгектенген Киан Тажбахш. Алар Иранга келгенде, май айында кармалган, эмгиче камакта жана АКШ үчүн тыңчылык кылган деп күнөөлөнүүдө.

Көрсөтүлгөн интервьюда башка нерселердин арасында, мисал үчүн, Эсфандиари минтип сүйлөйт: "Мен көп жылдар бою Ирандан алыс жашагандыктан, биринчи кадам катары Вашингтон шаарында жана АКШнын башка аймактарындагы институттар менен университеттерде эмгектенген эксперттерге консультация берчүмүн жана байланыштарды түзчүмүн. Башка жагын алсак, мен Иранга барганда, аттары мага айтылган адамдар менен жолукчумун. Ошентип таанышып, байланыш түзчүбүз", - дейт профессор Эсфандиари.

Мындай сөздөр менен Эсфандиаринин илимий ишин дагы мүнөздөсө болот, бирок тасмада - Грузия, Украина жана Кыргызстанда акыркы жылдарда болуп өткөн 'жибек революциялары' сыяктуу Вашингтон Иранда дагы ошондой төңкөрүш даярдап жатат деген жыйынтык чыгарылат.

Иран өкмөтүнүн басма сөз катчысы Голамхосейн Элхам 22-июлда билдиргенге караганда, окумуштуулар кинотасмада күнөөнү моюнга алганы менен, аны юридикалык далил катары колдонуу мүмкүн эмес, бирок бул интервьюлар - АКШ Иранга каршы маданий чабуул жасап жатканын көрсөтөт. Андан тышкары, окумуштуулар Ирандын коопсуздугуна каршы аракеттенгени жөнүндө башка далилдер бар жана сот ошолорго таянып өткөрүлөт.

Парламенттин коопсуздук маселелер боюнча комитетинин төрагасы Алаэдин Боружердинин айтымында болсо, көрсөтүлгөн программа - Ирандын ички иштерине АКШ орой түрдө кийлигишип жатканын далилдейт. "Исламдык коалиция" деп аталган уюмдун өкүлү Хамид Реза Тараккинин пикиринде, АКШ такай эл аралык мыйзамдарды жана Бириккен Улуттардын хартиясын бузууда жана Ирандын айрым саясатчылары менен студенттерин өз тарабына тартып, аларды өлкө жетекчилигине каршы пайдаланууга аракеттенүүдө.

Тасма көрсөтүлгөндөн кийин айрым маалымат каражаттары дагы АКШга каршы көптөгөн макала жарыялады. "Расалат" деген гезит 22-июлда жазганга караганда, Эсфандиарини коргоп жаткан Нобел сыйлыгынын ээси Ширин Эбадинин өзүн дагы жоопко тартыш керек жана Иранда азыр андай адамдардан турган бир топ кеңири топтор пайда болууда, алар өкмөткө каршы аракеттенип жатат.

Анткен менен көрсөтүлгөн программа Иранда сын дагы жаратты. "Хамбастеги" деген гезит 21-июлда жазып чыкканга караганда, заман азыр өзгөрдү жана сыналгы аркылуу көрсөтүлгөн мындай "моюнга алуулар" менен орчундуу эч нерсени далилдөө мүмкүн эмес. Тегеран шаарындагы аналитик Мохсен Шафии "Ассошиэйтед пресс" агенттигине 22-июлда билдиргенге караганда, көрсөтүлгөн программада жасалган билдирүүлөр жөн гана пропаганда.

Айрым башка коомдук уюмдар болсо Иран жетекчилигине кайрылып, өзүнүн АКШга каршы аракеттеринде мындай ыплас ыкмаларды колдонбоого чакырды.

XS
SM
MD
LG