Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:14

ООГАНСТАНДА БАРЫМТАГА АЛЫНГАН ТҮШТҮК КОРЕЯЛЫКТАР ӨЛТҮРҮЛӨ БАШТАДЫ


Нарын АЙЫП, Прага Мындан бир апта мурда Ооганстанда барымтага алынган түштүк кореялык жарандардын бири 25-июлда өлтүрүлдү жана талибдердин өкүлдөрү калгандарын дагы өлтүрөбүз деп коркутууда. Алардын айтымында, туткундарды камактагы талибдерге алмаштыруу боюнча сүйлөшүүдөн жыйынтык чыкпай жатат.

Түштүк Кореядан келген христиан кайрымдуулук уюмунун мүчөлөрү 19-июлда Кандагардан Кабулга автобус менен баратканда Газни провинциясында кармалып кеткен, алардын он сегизи - аял, сегизи эркек болчу. Жыйырма бешинде өлгөн адам - эркек.

Өзүн Талибан кыймылынын өкүлүмүн деп атаган Юсеф Ахмади деген адамдын айтымында, туткундарды өкмөттүк абактарда камалып жаткан талибдерге алмаштыруу сүйлөшүүлөрүнөн жыйынтык чыкпай жатат, ошондуктан алардын бири өлтүрүлдү. Бирок башка кабарларга караганда, өлгөн адам өтө алсырап, баса албай калган жана ошол себептен аны атып салышкан.

Өткөн аптада Ооганстанда эки немис жараны дагы кармалып кеткен жана 22-июлда алардын биринин денеси табылган. Талибдер анда дагы - Алмания бийлиги биздин талапты аткарып, өз аскерлерин Ооганстандан чыгарып кетпей жаткандыктан биз аны өлтүрдүк деп айткан, бирок кийин - ал жүрөгү токтоп калгандыктан өлгөнү аныкталган жана ал өлгөндөн кийин гана кимдир бирөө анын башына ок аткан. 25-июлда табылган түштүк кореялык жарандын денесине дагы көптөгөн ок атылган.

Анткен менен туткундарды барымтага алгандар чындап эле талибдер экени дагы так эмес. Айрым немис маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда, түштүк кореялык 22 адам, бир немис жараны жана дагы беш жергиликтүү адам азыр Абу Мансур деген араб жигитинин колунда, анын согушкерлеринин арасында болсо Өзбекстан исламдык кыймылынын мүчөлөрү дагы бар.

Мүмкүн, ошол себептен сүйлөшүү ийгилик бербей жатат. Газни провинциясынын губернатору Миражудин Паттандын айтымында, талибдердин талаптары так эмес:

"Алар алгач абактардан 24 адамды бошотууну талап кылган, бирок бизге сегиз гана кишинин ысмын атады. Сүйлөшүүнү улантуу үчүн биз калгандардын аттарын дагы айткыла дедик, бирок алар айтпай жатат", - дейт губернатор.

Анын жардамчысы Зия Вали билдиргенге караганда, туткундарды кармагандар арасында биримдик жок: "Талибандын өзүнүн ичинде биримдик жок. Алардын айрымдары абактагыларды бошоткула дейт, башкалары болсо акча талап кылууда", -дейт Вали.

Пайда болгон айрым башка кабарларга караганда, сегиз түштүк кореялык жаран жыйырма бешинде бошотулду, бирок Валинин айтымында, андай маалымат тастыктала элек: "Биздин душман, Талибан менен сүйлөшүүлөр дагы эле уланууда. Менин оюмча, сегиз адам бошотулду деген маалымат жөн гана ушак. Биз аны азырынча тастыктай албайбыз", - деди Вали 25-июлда.

Ооганстанда азыр үч миңдей немис жана 200 түштүк кореялык аскер бар. Сеулдун айтымында, ал 200 адам үстүбүздөгү жылдын аягына чейин Ооганстандан чыгарылат жана өкмөт аны акыркы күндөрдө дагы бир жолу тастыктады. Берлиндин айтымында болсо, немис өкмөтү террорчулардын талабын аткарбайт, бирок туткундарды бошотуу үчүн бардык мүмкүн болгон чараларды көрөт.

XS
SM
MD
LG